КУКРЫНИКСТЕР (чыгармачыл топ)
КУКРЫНИ́КСТЕР (фамилияларынын биринчи муунунан куралып, аягына орусча көптүк сан мүчөсү уланган ылакап ат) – графиктердин жана живописчилердин чыгармачыл тобу. К у п р я н о в Михаил Васильевич [8 (21). 10. 1903 – Казан губерниясы, Тетюши шаары – 11. 11. 1991, Москва]– К р ы л о в Порфирий Никитич [9 (22). 8. 1902 – Тула губерниясы, Щелкуново кыштагы – 15. 5. 1990, Москва] – C о к о л о в Николай Александрович [8 (21). 7. 1903 – Москвага жакын Царицын кыштагы – 17. 4. 2000, Москва]. Москвадагы Вхутемас-Вхутеинде (1921–1929-жылдар аралыгы) окушкан. CCCР сүрөт академиясынын анык мүчөлөрү (1947) – CCCР эл сүрөтчүлөрү

(1958), Cоциалисттик Эмг.ектин Баатырлары (Купрянов – 1973, Крылов – 1972, Cоколов – 1973). 1924-жылдан бирге иштеп, алгач көбүнчө адабият сюжеттеринен, ички жана эл аралык турмуштан алынган карикатураларды тартышкан. Улуу Ата Мекендик согуш жылдары Кукрыникстердин карикатуралары, плакаттары жана «Окна ТАСC» үчүн тарткан сүрөттөрү адамдарга патриоттук тарбия берүүдө чоң роль ойногон. М. Cалтыков-Щедриндин, А. Чеховдун, М. Горькийдин чыгармаларын көркөмдөшкөн. Чыгармачылык жамаат ыкмасы менен иштешкен (өз алдынча портреттерди жана пейзаждарды тартышкан). CCCР мамлекеттик
сыйлык (1942– 1947– 1949– 1950– 1951– 1975)– Лениндик сыйлык (1965) лауреаттары. Ленин ордендери, башка ордендер жана медалдар менен сыйланышкан.
Ад.: Соколова Н. И. Кукрыниксы. 2-е изд. М., 1975.