КУИНЖИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КУИ́НЖИ Архип Иванович [15(27). 1.1842 же январь, 1841, Мариуполго жакын Карасу (Ка­расёвка) деген жер – 11(24). 7. 1910, С.-Петербург] – орус живописчиси, пейзажист. Сүрөт тартууну өз алдынча жана Петербург сүрөт академиясынан үйрөнгөн. К. 1892-жылдан академиянын проф., 1894-жылдан анык мүчөсү, 1894-жылдан пейзаж б-ча өнөркананын проф.-жетекчиси. Алгачкы чыгармалары И. Айвазовскийдин таасиринде жаралган. К-нин пейзаждык картинала­ры: «Унутулган кыштак» (1874). «Чумактар жолу» (1875; экөө тең Третьяков гал.). Кийинки чыгармаларында К. табият көрүнүшүн поэтикалык маанайда берүүгө аракеттенген жана алар декоративдүүлүгү менен айырмаланат («Украина түнү», 1876; «Кайыңдуу токой», 1879; «Добулдан кийин», 1879; үчөө тең Третьяков гал.). К. Сүрөтчүлөр коомун түзүүнүн демилгечиси (1909; кийин коом К-нин ысмы менен аталган).

А. И. Куинжи. «Днепр түнү». 1882. Третьяков галереясы, Москва.


Ад.: Марков В. А. И. Куинджи, М., 1969; Манин В. С. И. Куинжи. М., 2004; Голщина И. Куинжи. М., 2008.