КУИНЖИ
КУИ́НЖИ Архип Иванович [15(27). 1. 1842 же январь, 1841, Мариуполго жакын Карасу (Карасёвка) деген жер – 11(24). 7. 1910, Санкт-Петербург] – орус живописчиси, пейзажист. Сүрөт тартууну өз алдынча жана Петербург сүрөт академиясынан үйрөнгөн. Куинжи 1892-жылдан академиянын профессору, 1894-жылдан анык мүчөсү, 1894-жылдан пейзаж боюнча өнөркананын профессор-жетекчиси болгон. Алгачкы чыгармалары И. Айвазовскийдин таасиринде жаралган. Куинжинин пейзаждык картиналары: «Унутулган кыштак» (1874). «Чумактар жолу» (1875; экөө тең Третьяков галереясында). Кийинки чыгармаларында Куинжи табият көрүнүшүн поэтикалык маанайда берүүгө аракеттенген жана алар декоративдүүлүгү менен айырмаланат («Украина түнү», 1876; «Кайыңдуу токой», 1879; «Добулдан кийин», 1879; үчөө тең Третьяков галереясында).Куинжи Сүрөтчүлөр коомун түзүүнүн демилгечиси (1909; кийин коом Куинжинин ысмы менен аталган).

Ад.: Марков В. А. И. Куинджи, М., 1969; Манин В. С. И. Куинжи. М., 2004; Голщина И. Куинжи. М., 2008.