КОЖОБЕКОВА Суйумкан: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Dilde moved page КОЖОБЕКОВА to КОЖОБЕКОВА Суйумкан) |
(Айырма жок)
| |
09:49, 24 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОЖОБЕКОВА Сүйүмкан (1910-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Саруу айылы – 2001, Тоң району, Бөкөнбаев айылы)

– малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957). Эмгек жолун катардагы колхозчудан баштаган. 1937-жылдан Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ленин атындагы колхоздун баш чабаны болуп эмгектенген. Ал 1956-ж. өз короосундагы ар бир ирикти 70 кг салмакта мамлекетке тапшырып, 3,5 кгдан жүн кыркып алган. 1959–63-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин ордени м-н сыйланган.