КОЖОБЕКОВА Суйумкан

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЖОБЕКОВА Сүйүмкан (1910-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Саруу айылы – 2001, Тоң району, Бөкөнбаев айылы)

– малчы, Социалисттик Эмгектин Бааты­ры (1957). Эмгек жолун катардагы колхозчудан баштаган. 1937-жылдан Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ленин атындагы кол­хоздун баш чабаны болуп эмгектенген. Ал 1956-ж. өз короосундагы ар бир ирик­ти 70 кг салмакта мамле­кетке тапшырып, 3,5 кгдан жүн кыркып алган. 1959–63-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ле­нин ордени м-н сыйлан­ган.