«КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫНЫН ТАРЫХЫ»: нускалардын айырмасы
мNo edit summary |
мNo edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>«КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫНЫН ТАРЫХЫ»</b> – кыргыз | <b type='title'>«КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫНЫН ТАРЫХЫ»</b> – кыргыз адабиятынын тарыхына арналган 7 томдон турган фундаменталдуу эмгек. КР УИАнын азыр­кы Ч. Айтматов атн. Тил жана адабият ин-тунда даярдалып (А. Акматалиевдин жалпы редакциясы алдында) жарык көргөн (2003). КРдин илим жана техника жаатындагы мамл. сыйлы­гына татыктуу болгон (2004). Бул эмгекте кыр­гыз көркөм сөз өнөрүнүн өнүгүш тарыхы, табияты туурасында кеңири хронологиялык-эволю­циялык мүнөздөгү системалуу жана комплекстүү иликтөөлөр камтылат. Анда алгач өнүгүүнүн төмөнкү баскычтарында анимисттик-тотемдик түшүнүктөргө байланыштуу өнүккөн, оозеки чыгармачылыктын бир бутагы болгон кыргыздын ырым-жырым, дарым, эмгек ырларынан тартып бүгүнкү дүйнөлүк адабият менен канатташ шартта жогорку көркөмдүк-профессионализм деңгээлин­де жазылган романдарга чейинки өнүгүш процессинин мыйзам ченемдүүлүктөрүнө, жанрдык түрлөрүнө, конкреттүү чыгармаларга жана чыгармачыл инсандардын чыгармачылык ишмердигине ада­бий-ил. анализ берилген. Буга чейин жазылган адабият тарыхтарында, адабият таануу, фольклористика илиминде совет учурунда жаралган про­фессионалдык жазма адабияттын үлгүлөрүн эле эмес, байыртан муундан-муунга мурас болуп өтүп кел­ген элдик оозеки чыгармаларды баалоодо да коомдук саясий чектөөлөргө ылайык алардын көркөмдүк наркы, жалпы адамзаттык маанисин ачып берүүдөн мурун аларга парт. өңүттөн баа берүү үстөмдүк кылган. Бул жолку адабият та­рыхын жазууда фольклор, байыркы жана кол жазма адабиятыбыздын көптөгөн проблемалары | ||
[[File:«КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫНЫН ТАРЫХЫ»58.png | thumb | Кыргыз адабиятынын тарыхы. 2004.]] | [[File:«КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫНЫН ТАРЫХЫ»58.png | thumb | Кыргыз адабиятынын тарыхы. 2004.]] | ||
көмүскөдөн чыгарылган. Мурда тескери баа алып келген чыгармаларга, о. эле үзүл-кесил изилденгендерге жана жаңы, таптакыр эле изил­денбеген «сырдуу сандыкка» салынып, кулпуланган материалдарга, ысымдарга биринчи жолу объективдүү баа берилип, олуттуу толуктоолор болду. Жети томдуктун 1-тому «Оозеки чыгар­мачылыктын жанрлары» деп аталып, анда эл­дик оозеки | көмүскөдөн чыгарылган. Мурда тескери баа алып келген чыгармаларга, о. эле үзүл-кесил изилденгендерге жана жаңы, таптакыр эле изил­денбеген «сырдуу сандыкка» салынып, кулпуланган материалдарга, ысымдарга биринчи жолу объективдүү баа берилип, олуттуу толуктоолор болду. Жети томдуктун 1-тому «Оозеки чыгар­мачылыктын жанрлары» деп аталып, анда эл­дик оозеки чыгармачылыктын эпикалык, лирикалык, дидактикалык жанрдагы чыгармалары кеңири талданган. Академиянын Кол жазмалар фон­дусундагы мурда изилдөөчүлөр сөз кылууга, мисал келтирүүгө батынбаган материалдар да изилдөө объектисине тартылып, кеңири маалы маттар берилген. Бул томдогу «Каада-салт ыр­лары», «Үйлөнүү үлпөт ырлары», «Кошоктор», «Сүйүү ырлары», «Диний ырлар», «Тарыхый ырлар» сыяктуу бөлүмдөр элдин менталитети, тарыхы, этнографиясы, психологиясы, педагогикасы менен комплекстүү түрдө эриш-аркак каралган. 2-том – «Манас жана манасчылар» деп аталат. Буга «Манас» эпосу, «Семетей» эпосу, «Сейтек» эпосу, «Манасчылар», «Манас» эпосун жыйноо, бастыруу, изилдөө маселелери, «Мез­гилдер, муундар, манасчы» деген темадагы изилдөөлөр, эпостун негизинде «Жети осуяттын» маани-маңызын талдаган макала жана жыйырма эки манасчы, семетейчилердин портрети кирген. «Манас» үчилтигин айтуучулардын жана жаратуучулардын хронол. тартипте тизмекте­лип берилиши – улуу мурасыбыздын өсүп-өнүгүүсүнүн таасир, таалим алуу процесстеринин картинасын даана элестетет; чыгармачылык өзгөчөлүктөрү, жалпылыктары ачылат. 3-том – «Кенже эпостор жана элдик поэмалар» деп аталат. Элибиз «Манас» үчилтигинен тышкары да ар түрдүү тематикадагы эпикалык чыгармаларга бай. Бул томдун негизги ил. өзгөчөлүгү – бизге белгилүү болгон <i>«Кожожаш», «Эр Төштүк», «Курманбек», «Олжобай менен Кишимжан», «Жаңыл Мырза», «Жаныш-Байыш»</i> сыяктуу кенже эпосторубуз бир эле варианты эмес, бир нече варианттар салыштырылып анализденгендигинде; ошону менен бирге мурда сөзгө алынбаган Балбай, Шабдан ж. б. тарыхый инсандарга | ||
арналган чыгармалардын да варианттары эске алынгандыгында, о. эле Чыгыш элдеринин дастандары да кеңири тарап, таланттуу акында­рыбыз өзүбүздүн улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу | арналган чыгармалардын да варианттары эске алынгандыгында, о. эле Чыгыш элдеринин дастандары да кеңири тарап, таланттуу акында­рыбыз өзүбүздүн улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жаратышкан варианттарынын да орун ал­гандыгында. Өзгөчө, кенже эпостордун жана элдик поэмалардын көркөмдүк өзгөчөлүгү алардын жаралыш дооруна, тарыхый инсандарга байла­ныштуу кызыктуу ил. пикирлер да берилген.4-том – «Байыркы орток жана кол жазма адабияты» деп аталат. Мында жазма мадабиятыбыздын тарыхы көп кылымдарга нары жылдырылып, кыргыз элине тиешеси жок деп саналып | ||
келген авторлор | келген авторлор менен чыгармалар – Ж. Бала-агуни, М. Кашгари, Бабур ж. б. чыгармалары кыргыз элине канчалык деңгээлде тиешеси бар экендиги, Орхон-Енисей жазма булактарынын адабий аспектилери алгачкы жолу мол мате­риалдардын негизинде ынанымдуу, системалуу анализденген. Ал эми Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Алдаш Молдо өңдүү жазгыч акындар портреттеринин улай берилиши – жазма адабиятыбыздын эволюциясын көрсөтөт. 4-томдун жаңычылдыгы жазма адабиятыбыздын масштабынын кеңейтилиши, төкмө ырчылар менен жазгыч акындарды бирге эмес, алардын ортосундагы көркөм айырмачылыкты бергендиги менен мүнөздөлөт. 5-том – «Эл ырчылары» деп аталат. Акындык поэзия бизде эң күчтүү өнүккөн. Бирок идеоло­гиянын кесепетинен ага да эки түрдүү көз ка­раш менен карап, «реакциячыл», «бай манапчыл» жана «демократтар» деп бири-бирине карама-каршы коюлуп келген. Бул саясаттан улам таңуу­ланган жаңылыш «Тарыхтын» барагынан гана ар бир төкмө ырчынын өзүнө таандык поэтикалык бөтөнчөлүктөрү, жеке чыгармачылык тагдыры, филос. ой жүгүртүүлөрү бузулбай, бурмаланбай, | ||
үзүлбөй, кеңири чагылдырылган. Легендарлуу ырчылар – Токтогул ырчы, Кет Бука, Асан Кайгыдан тартып, бүгүнкү күнгө чейинки таланттардын | үзүлбөй, кеңири чагылдырылган. Легендарлуу ырчылар – Токтогул ырчы, Кет Бука, Асан Кайгыдан тартып, бүгүнкү күнгө чейинки таланттардын чыгармачылыгы объективдүү өз баасын алып отурат. Калыгул, Арстанбек, Боогачы, Казыбек ж. б. таланттардын чыгармачылыгы социалдык-саясий, филос.-нравалык проблемалары чечмеленет. 6-том – «20-кылымдын адабияты (20–60-жылдар)» деп аталат. Кыргыз профессионалдык жазма ад­тынын тарыхындагы жаңы ысымдар – К. Тыныстанов, С. Карачев, О. Лепесов, Б. Кененсариев ж. б. орун алган. Булардан тышкары 30дан ашуун акын-жазуучулардын чыгармачылык портрет­тери киргизилип, алардын чыгармалары социалисттик реализмдин, партиялуулук принцибинин алкагынан эркин талданган, кыргыз жазма ад­тын өнүктүрүүдө ээлеген орундары, салымдары аныкталат. Сов. турмуштун алардын чыгармачылы­гында, жалпы эле улуттук профессионалдык жазма адабиятыбыздын калыптанышында аткар­ган маанилүү ролу жана ошол эле учурда идеологияга, саясатка байланыштуу жаңылыштыктар, аша чабуулар да болгондугу объективдүү айтылган. 7-том – «20-кылымдын адабияты (60–80-жылдар)» деп аталат . Бул том бекеринен Ч. Айтматовдун чыгармачылык портрети менен ачылбайт. Анткени, кыргыз адабиятынын жаңы көркөм-эстетикалык баскычка көтөрүлүшү ушул ысым менен тыгыз байланышта. Анын чыгармачылык адабияттын бардык жанрында калем кармаган жаштарга өз таасирин тийгизип, жаңыча изде­нүү, умтулуу күч алган. Натыйжада Ө. Дани­кеев, М. Гапаров, К. Осмоналиев, К. Жусубалиев, А. Саспаев, О. Султанов, Б. Жакиев, М. Бай­жиев, К. Акматов, К. Жусупов, Т. Кожомбер­диев, Ж. Мамытов кыргыз окурмандарын гана эмес, союздук окурмандарды тамшанткан, көркөмдүк деңгээли жогорку чыгармаларды жаратышкан. адабиятыбыздын «жаңы генерация­сы» деп айтылган бул муун биринчи жолу «Кыргыз адабиятынын тарыхынан» портреттик планда татыктуу орун алды. 2012-ж. бул томдукка | ||
«Кыргыз адабият таануу илими» деген 2 том кошулуп, «Кыргыз адабиятынын тарыхы» де­ген ат | «Кыргыз адабият таануу илими» деген 2 том кошулуп, «Кыргыз адабиятынын тарыхы» де­ген ат менен 9 томдук чыкты. | ||
[[Категория:4-том, 657-736 бб]] | [[Категория:4-том, 657-736 бб]] | ||
07:53, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
«КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫНЫН ТАРЫХЫ» – кыргыз адабиятынын тарыхына арналган 7 томдон турган фундаменталдуу эмгек. КР УИАнын азыркы Ч. Айтматов атн. Тил жана адабият ин-тунда даярдалып (А. Акматалиевдин жалпы редакциясы алдында) жарык көргөн (2003). КРдин илим жана техника жаатындагы мамл. сыйлыгына татыктуу болгон (2004). Бул эмгекте кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн өнүгүш тарыхы, табияты туурасында кеңири хронологиялык-эволюциялык мүнөздөгү системалуу жана комплекстүү иликтөөлөр камтылат. Анда алгач өнүгүүнүн төмөнкү баскычтарында анимисттик-тотемдик түшүнүктөргө байланыштуу өнүккөн, оозеки чыгармачылыктын бир бутагы болгон кыргыздын ырым-жырым, дарым, эмгек ырларынан тартып бүгүнкү дүйнөлүк адабият менен канатташ шартта жогорку көркөмдүк-профессионализм деңгээлинде жазылган романдарга чейинки өнүгүш процессинин мыйзам ченемдүүлүктөрүнө, жанрдык түрлөрүнө, конкреттүү чыгармаларга жана чыгармачыл инсандардын чыгармачылык ишмердигине адабий-ил. анализ берилген. Буга чейин жазылган адабият тарыхтарында, адабият таануу, фольклористика илиминде совет учурунда жаралган профессионалдык жазма адабияттын үлгүлөрүн эле эмес, байыртан муундан-муунга мурас болуп өтүп келген элдик оозеки чыгармаларды баалоодо да коомдук саясий чектөөлөргө ылайык алардын көркөмдүк наркы, жалпы адамзаттык маанисин ачып берүүдөн мурун аларга парт. өңүттөн баа берүү үстөмдүк кылган. Бул жолку адабият тарыхын жазууда фольклор, байыркы жана кол жазма адабиятыбыздын көптөгөн проблемалары

көмүскөдөн чыгарылган. Мурда тескери баа алып келген чыгармаларга, о. эле үзүл-кесил изилденгендерге жана жаңы, таптакыр эле изилденбеген «сырдуу сандыкка» салынып, кулпуланган материалдарга, ысымдарга биринчи жолу объективдүү баа берилип, олуттуу толуктоолор болду. Жети томдуктун 1-тому «Оозеки чыгармачылыктын жанрлары» деп аталып, анда элдик оозеки чыгармачылыктын эпикалык, лирикалык, дидактикалык жанрдагы чыгармалары кеңири талданган. Академиянын Кол жазмалар фондусундагы мурда изилдөөчүлөр сөз кылууга, мисал келтирүүгө батынбаган материалдар да изилдөө объектисине тартылып, кеңири маалы маттар берилген. Бул томдогу «Каада-салт ырлары», «Үйлөнүү үлпөт ырлары», «Кошоктор», «Сүйүү ырлары», «Диний ырлар», «Тарыхый ырлар» сыяктуу бөлүмдөр элдин менталитети, тарыхы, этнографиясы, психологиясы, педагогикасы менен комплекстүү түрдө эриш-аркак каралган. 2-том – «Манас жана манасчылар» деп аталат. Буга «Манас» эпосу, «Семетей» эпосу, «Сейтек» эпосу, «Манасчылар», «Манас» эпосун жыйноо, бастыруу, изилдөө маселелери, «Мезгилдер, муундар, манасчы» деген темадагы изилдөөлөр, эпостун негизинде «Жети осуяттын» маани-маңызын талдаган макала жана жыйырма эки манасчы, семетейчилердин портрети кирген. «Манас» үчилтигин айтуучулардын жана жаратуучулардын хронол. тартипте тизмектелип берилиши – улуу мурасыбыздын өсүп-өнүгүүсүнүн таасир, таалим алуу процесстеринин картинасын даана элестетет; чыгармачылык өзгөчөлүктөрү, жалпылыктары ачылат. 3-том – «Кенже эпостор жана элдик поэмалар» деп аталат. Элибиз «Манас» үчилтигинен тышкары да ар түрдүү тематикадагы эпикалык чыгармаларга бай. Бул томдун негизги ил. өзгөчөлүгү – бизге белгилүү болгон «Кожожаш», «Эр Төштүк», «Курманбек», «Олжобай менен Кишимжан», «Жаңыл Мырза», «Жаныш-Байыш» сыяктуу кенже эпосторубуз бир эле варианты эмес, бир нече варианттар салыштырылып анализденгендигинде; ошону менен бирге мурда сөзгө алынбаган Балбай, Шабдан ж. б. тарыхый инсандарга арналган чыгармалардын да варианттары эске алынгандыгында, о. эле Чыгыш элдеринин дастандары да кеңири тарап, таланттуу акындарыбыз өзүбүздүн улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жаратышкан варианттарынын да орун алгандыгында. Өзгөчө, кенже эпостордун жана элдик поэмалардын көркөмдүк өзгөчөлүгү алардын жаралыш дооруна, тарыхый инсандарга байланыштуу кызыктуу ил. пикирлер да берилген.4-том – «Байыркы орток жана кол жазма адабияты» деп аталат. Мында жазма мадабиятыбыздын тарыхы көп кылымдарга нары жылдырылып, кыргыз элине тиешеси жок деп саналып келген авторлор менен чыгармалар – Ж. Бала-агуни, М. Кашгари, Бабур ж. б. чыгармалары кыргыз элине канчалык деңгээлде тиешеси бар экендиги, Орхон-Енисей жазма булактарынын адабий аспектилери алгачкы жолу мол материалдардын негизинде ынанымдуу, системалуу анализденген. Ал эми Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Алдаш Молдо өңдүү жазгыч акындар портреттеринин улай берилиши – жазма адабиятыбыздын эволюциясын көрсөтөт. 4-томдун жаңычылдыгы жазма адабиятыбыздын масштабынын кеңейтилиши, төкмө ырчылар менен жазгыч акындарды бирге эмес, алардын ортосундагы көркөм айырмачылыкты бергендиги менен мүнөздөлөт. 5-том – «Эл ырчылары» деп аталат. Акындык поэзия бизде эң күчтүү өнүккөн. Бирок идеологиянын кесепетинен ага да эки түрдүү көз караш менен карап, «реакциячыл», «бай манапчыл» жана «демократтар» деп бири-бирине карама-каршы коюлуп келген. Бул саясаттан улам таңууланган жаңылыш «Тарыхтын» барагынан гана ар бир төкмө ырчынын өзүнө таандык поэтикалык бөтөнчөлүктөрү, жеке чыгармачылык тагдыры, филос. ой жүгүртүүлөрү бузулбай, бурмаланбай, үзүлбөй, кеңири чагылдырылган. Легендарлуу ырчылар – Токтогул ырчы, Кет Бука, Асан Кайгыдан тартып, бүгүнкү күнгө чейинки таланттардын чыгармачылыгы объективдүү өз баасын алып отурат. Калыгул, Арстанбек, Боогачы, Казыбек ж. б. таланттардын чыгармачылыгы социалдык-саясий, филос.-нравалык проблемалары чечмеленет. 6-том – «20-кылымдын адабияты (20–60-жылдар)» деп аталат. Кыргыз профессионалдык жазма адтынын тарыхындагы жаңы ысымдар – К. Тыныстанов, С. Карачев, О. Лепесов, Б. Кененсариев ж. б. орун алган. Булардан тышкары 30дан ашуун акын-жазуучулардын чыгармачылык портреттери киргизилип, алардын чыгармалары социалисттик реализмдин, партиялуулук принцибинин алкагынан эркин талданган, кыргыз жазма адтын өнүктүрүүдө ээлеген орундары, салымдары аныкталат. Сов. турмуштун алардын чыгармачылыгында, жалпы эле улуттук профессионалдык жазма адабиятыбыздын калыптанышында аткарган маанилүү ролу жана ошол эле учурда идеологияга, саясатка байланыштуу жаңылыштыктар, аша чабуулар да болгондугу объективдүү айтылган. 7-том – «20-кылымдын адабияты (60–80-жылдар)» деп аталат . Бул том бекеринен Ч. Айтматовдун чыгармачылык портрети менен ачылбайт. Анткени, кыргыз адабиятынын жаңы көркөм-эстетикалык баскычка көтөрүлүшү ушул ысым менен тыгыз байланышта. Анын чыгармачылык адабияттын бардык жанрында калем кармаган жаштарга өз таасирин тийгизип, жаңыча изденүү, умтулуу күч алган. Натыйжада Ө. Даникеев, М. Гапаров, К. Осмоналиев, К. Жусубалиев, А. Саспаев, О. Султанов, Б. Жакиев, М. Байжиев, К. Акматов, К. Жусупов, Т. Кожомбердиев, Ж. Мамытов кыргыз окурмандарын гана эмес, союздук окурмандарды тамшанткан, көркөмдүк деңгээли жогорку чыгармаларды жаратышкан. адабиятыбыздын «жаңы генерациясы» деп айтылган бул муун биринчи жолу «Кыргыз адабиятынын тарыхынан» портреттик планда татыктуу орун алды. 2012-ж. бул томдукка «Кыргыз адабият таануу илими» деген 2 том кошулуп, «Кыргыз адабиятынын тарыхы» деген ат менен 9 томдук чыкты.