«КЫРГЫЗ ЖАНА КЫРГЫЗСТАН ТАРЫХЫ БОЮНЧА ТАНДАЛМА ЭМГЕКТЕР»: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
«КЫРГЫЗ ЖАНА КЫРГЫЗСТАН ТАРЫХЫ БОЮНЧА ТАНДАЛМА ЭМГЕКТЕР» – белгилүү
этнолог, түрколог С. М. Абрамзондун эмгеги; автордун 1970-ж. чейин жарык көргөн эмгектеринин жыйындысы. Китеп кыргыз тилине которулуп (которгондор – С. Мамбеталиев, Д. Сулайманкулов, С. Макенов), «Кыргыз Республикасында гуманитардык билим берүүнү өзгөртүү» программасынын талаптарына ылайык КРдин Билим берүү, илим ж-а мад-т министрлиги м-н бирдикте «Кыргызстан – Сорос» фонду тарабынан 1999-ж. чыккан. Эмгекте кыргыз элинин этностук тарыхынын, турмуш-тиричилигинин ж-а мад-тынын ар түрдүү жагдайларына таандык этногр., тарыхый маалыматтарды талдоонун ж-а корутундулоонун негизинде кыргыздардын этностук ж-а маданий турпатынын кандай жол м-н калыптанганы баяндалып, алардын О. Азия, Түш. Сибирь ж-а Борб. Азия элдери м-н болгон этногенездик, тарыхый-маданий байланыштары изилденген.
Эмгек 2 бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгүндө негизинен кыргыздар ж-дө тарыхый маалыматтар, алардын этноген. ж-а тарыхый-маданий байланыштары, кыргыз элинин этностук тарыхынын маселелери, негизги кесиптери, материалдык мад-ты ж-а иск-восу, коомдук ж-а үйбүлөлүк турмушу, оозеки поэтикалык чыг-лыгы изилденген; экинчи бөлүгү кыргыздардын каада-салты, этногр. маалыматтардагы этногенез маселелери, этностук курамы, этностук тарыхын үйрөнүүдө элдик уламыштардын мааниси тууралуу изилдөөлөргө арналган. Эмгек кыргыз элинин 20-к-дын ортосуна чейинки каада-салт, үрп-адат, мад-тын окуп-үйрөнүүдө баалуу эмгектердин бири болуп саналат.