«КЫРГЫЗ ЖАНА КЫРГЫЗСТАН ТАРЫХЫ БОЮНЧА ТАНДАЛМА ЭМГЕКТЕР»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КЫРГЫЗ ЖАНА КЫРГЫЗСТАН ТАРЫХЫ БОЮНЧА ТАНДАЛМА ЭМГЕКТЕР» – белгилүү этнолог, түрколог С. М. Абрамзондун эмгеги; автордун 1970-жылга чейин жарык көргөн эмгекте­ринин жыйындысы. Китеп кыргыз тилине которулуп (которгондор – С. Мамбеталиев, Д. Сулайманкулов, С. Макенов), «Кыргыз Республикасында гуманитардык билим берүүнү өзгөртүү» программасынын талаптарына ылайык КРдин Билим берүү, илим жана маданият министрлиги менен бирдикте «Кыргызстан – Сорос» фонду тарабынан 1999-жылы чыккан. Эмгекте кыргыз элинин этностук тарыхынын, турмуш-тиричилигинин жана маданиятынын ар түрдүү жагдайларына таандык этнографиялык, тарыхый маалыматтарды талдоонун жана корутундулоонун негизинде кыргыздар­дын этностук жана маданий турпатынын кандай жол менен калыптанганы баяндалып, алардын Орто Азия, Түштүк Сибирь жана Борбордук Азия элдери менен болгон этногенездик, тарыхый-маданий бай­ланыштары изилденген. Эмгек 2 бөлүктөн туруп, биринчи бөлүгүндө негизинен кыргыздар жөнүндө тарыхый маалыматтар, алардын этногенетикалык жана тарыхый-маданий байланыштары, кыргыз элинин этностук тары­хынын маселелери, негизги кесиптери, мате­риалдык маданияты жана искусствосу, коомдук жана үй-­бүлөлүк турмушу, оозеки поэтикалык чыгармачылыгы изилденген; экинчи бөлүгү кыргыздардын каа­да-салты, этнографиялык маалыматтардагы этногенез маселелери, этностук курамы, этностук тары­хын үйрөнүүдө элдик уламыштардын мааниси тууралуу изилдөөлөргө арналган. Эмгек кыргыз элинин 20-кылымдын ортосуна чейинки каада-салт, үрп-адат, маданиятын окуп-үйрөнүүдө баалуу эмгектердин бири болуп саналат.