КЫЗЫЛ ӨҢГӨЧ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КЫЗЫЛ ӨҢГӨЧ – тамак сиңирүү системасынын карын м-н кулкунду бириктирүүчү узун ичке түтүк сымал бөлүгү. Уз. 23-25 см. К. ө-түн капталы үч катмардан турат. Ички былжырлуу катмары бөлүп чыгарган суюктуктун жардамы м-н жутулган тамак жылмышып, карынга түшөт. Ортонкусу былжыр челдин алдындагы катмар. Сырткы катмары кызыл өңгөчтүн диаметрин тамак өткөндө өзгөртүп (кеңейтип, тарытып) туруучу булчуңдардан турат. Бул булчуңдардын перистальтика кыймылынын натыйжасында тамак карынга жылат. Булчуңдардын ырааттуу жыйрылышы (перистальтика) бардык тамак сиңирүү системасынын бөлүктөрүнө мүнөздүү. К. ө-түн тамак турган жерден өйдөрөөктөгү тегерек булчуң жыйрылып, андан төмөн жагындагы булчуңу бошоңдоп, тамак төмөнкү кеңейген бөлүгүнө жылат. Мындай ырааттуу кыймылдын натыйжасында тамак 5-6 секундда карынга жетет.