КЫЗЫЛ ӨҢГӨЧ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЫЗЫЛ ӨҢГӨЧ</b> – тамак сиңирүү системасынын карын м-н кулкунду бириктирүүчү узун ичке түтүк сымал бөлүгү. | <b type='title'>КЫЗЫЛ ӨҢГӨЧ</b> – тамак сиңирүү системасынын карын м-н кулкунду бириктирүүчү узун ичке түтүк сымал бөлүгү. УзУНДУГ 23-25 <i>см</i>. К. ө-түн капталы үч катмардан турат. Ички былжырлуу катмары бөлүп чыгарган суюктуктун жардамы м-н жутулган тамак жылмышып, карынга түшөт. Ортонкусу былжыр челдин алдындагы катмар. Сырткы катмары кызыл өңгөчтүн диа­метрин тамак өткөндө өзгөртүп (кеңейтип, та­рытып) туруучу булчуңдардан турат. Бул бул­чуңдардын перистальтика кыймылынын натый­жасында тамак карынга жылат. Булчуңдардын ырааттуу жыйрылышы (перистальтика) бардык тамак сиңирүү системасынын бөлүктөрүнө мүнөз­дүү. К. ө-түн тамак турган жерден өйдөрөөктөгү тегерек булчуң жыйрылып, андан төмөн жагын­дагы булчуңу бошоңдоп, тамак төмөнкү кеңей­ген бөлүгүнө жылат. Мындай ырааттуу кыймыл­дын натыйжасында тамак 5-6 секундда карынга жетет. | ||
[[Категория:4-том, 657-736 бб]] | [[Категория:4-том, 657-736 бб]] | ||
08:45, 12 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫЗЫЛ ӨҢГӨЧ – тамак сиңирүү системасынын карын м-н кулкунду бириктирүүчү узун ичке түтүк сымал бөлүгү. УзУНДУГ 23-25 см. К. ө-түн капталы үч катмардан турат. Ички былжырлуу катмары бөлүп чыгарган суюктуктун жардамы м-н жутулган тамак жылмышып, карынга түшөт. Ортонкусу былжыр челдин алдындагы катмар. Сырткы катмары кызыл өңгөчтүн диаметрин тамак өткөндө өзгөртүп (кеңейтип, тарытып) туруучу булчуңдардан турат. Бул булчуңдардын перистальтика кыймылынын натыйжасында тамак карынга жылат. Булчуңдардын ырааттуу жыйрылышы (перистальтика) бардык тамак сиңирүү системасынын бөлүктөрүнө мүнөздүү. К. ө-түн тамак турган жерден өйдөрөөктөгү тегерек булчуң жыйрылып, андан төмөн жагындагы булчуңу бошоңдоп, тамак төмөнкү кеңейген бөлүгүнө жылат. Мындай ырааттуу кыймылдын натыйжасында тамак 5-6 секундда карынга жетет.