«КЫЗ МАКТЫМ»: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

«КЫЗ МАКТЫМ» – түш. кыргыздарда тараган лирикалык дастан. Негизги темасы – эл-журтту калмактардын кысымынан бошотуу. Дастан­дын окуялары ойрот калмактарынын кыргыздарды эзип турган мезгилине (16–17-к.) туура келет. Поэманын үч варианты тең КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда сакталып турат. Алардын сюжеттик өзөгү, образ системасы бири биринен анча айырмаланбайт. Баш каармандары – Мактым м-н Бегарстан Тайчы. Калмактарга каршы күрөштө Мактымды Бегарстан Тай­чы туткунга алып, ага үйлөнөт. Кордолгон Мак­тым түн жамынып качат. Куугунчуларды айла­амал м-н жолдо өлтүрөт. Бегарстан Тайчы да Мактымдын колунан каза болот. Мактым элине келип, сүйгөнүнө жетет. «Бегарстан Тайчы» аттуу комуз күүсү да дастандын ушул окуясы­нан улам чыгарылган.


Ад.: Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерки. Ф., 1973.