КЫЗАМЫК: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЫЗАМЫК</b> – вирус козгоочу катуу кармаган жугуштуу оору. Вирус адам жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, чүчкүргөндө бөлүнүп, абаны булгайт. Соо адам вирус м-н булганган абадан дем алганда жугузуп алат. Көбүнчө 2–10 жаштагы балдар ооруйт. Жашыруун мезгили 16–21 күн. Оору башталганда, мурдунан суу агып, жөтөлөт, тамак кызарат, кээде денеси бир аз ысыйт. Моюн, желке, лимфа түйүндөрү шишип ооруйт. Андан кийин оору күчөп, бүт денеге чыбырчыктар чыгат, дене темп-расы 38-39<sup>о</sup>ка чейин көтөрүлөт. Чыбырчыктар 2–3 күндөн кийин так калбай жоголот. Көпчүлүк учурда белгиси билинбей өтөт. Ооруп айыккан адамда туруктуу <i>иммунитет</i> пайда болот. | <b type='title'>КЫЗАМЫК</b> – вирус козгоочу катуу кармаган жугуштуу оору. Вирус адам жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, чүчкүргөндө бөлүнүп, абаны булгайт. Соо адам вирус м-н булганган абадан дем алганда жугузуп алат. Көбүнчө 2–10 жаштагы балдар ооруйт. Жашыруун мезгили 16–21 күн. Оору башталганда, мурдунан суу агып, жөтөлөт, тамак кызарат, кээде денеси бир аз ысыйт. Моюн, желке, лимфа түйүндөрү шишип ооруйт. Андан кийин оору күчөп, бүт денеге чыбырчыктар чыгат, дене темп-расы 38-39<sup>о</sup>ка чейин көтөрүлөт. Чыбырчыктар 2–3 күндөн кийин так калбай жоголот. Көпчүлүк учурда белгиси билинбей өтөт. Ооруп айыккан адамда туруктуу <i>иммунитет</i> пайда болот. Кызамык м-н кош бойлуу аялдардын оорушу өтө коркунучтуу, себеби түйүлдүккө жугушу мүмкүн. 3 айга чейинки боюнда бар аялдар ооруса, көп учурда тубаса өсүү кемтиги пайда болот. Ал эми <i>кош бойлуулуктун</i> акыркы айларында кызамык жукса балада <i>аз кандуулук</i> байкалат, ички органдары жабыркайт. Мындай балдар туулгандан 18 айдан ашык убакыт жугуштуу болот. Врач дарылайт. Алдын алууда оорулууну соо балдардан бөлүү, кош бойлуу аялдарга жолотпоо керек. | ||
[[Категория:4-том, 657-736 бб]] | [[Категория:4-том, 657-736 бб]] | ||
08:05, 12 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫЗАМЫК – вирус козгоочу катуу кармаган жугуштуу оору. Вирус адам жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, чүчкүргөндө бөлүнүп, абаны булгайт. Соо адам вирус м-н булганган абадан дем алганда жугузуп алат. Көбүнчө 2–10 жаштагы балдар ооруйт. Жашыруун мезгили 16–21 күн. Оору башталганда, мурдунан суу агып, жөтөлөт, тамак кызарат, кээде денеси бир аз ысыйт. Моюн, желке, лимфа түйүндөрү шишип ооруйт. Андан кийин оору күчөп, бүт денеге чыбырчыктар чыгат, дене темп-расы 38-39ока чейин көтөрүлөт. Чыбырчыктар 2–3 күндөн кийин так калбай жоголот. Көпчүлүк учурда белгиси билинбей өтөт. Ооруп айыккан адамда туруктуу иммунитет пайда болот. Кызамык м-н кош бойлуу аялдардын оорушу өтө коркунучтуу, себеби түйүлдүккө жугушу мүмкүн. 3 айга чейинки боюнда бар аялдар ооруса, көп учурда тубаса өсүү кемтиги пайда болот. Ал эми кош бойлуулуктун акыркы айларында кызамык жукса балада аз кандуулук байкалат, ички органдары жабыркайт. Мындай балдар туулгандан 18 айдан ашык убакыт жугуштуу болот. Врач дарылайт. Алдын алууда оорулууну соо балдардан бөлүү, кош бойлуу аялдарга жолотпоо керек.