КЫЗАМЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗАМЫК – вирус козгоочу катуу кармаган жугуштуу оору. Вирус адам жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, чүчкүргөндө бөлүнүп, абаны булгайт. Соо адам вирус м-н булганган абадан дем алганда жугузуп алат. Көбүнчө 2–10 жаштагы балдар ооруйт. Жашыруун мезгили 16–21 күн. Оору башталганда, мурдунан суу агып, жөтөлөт, тамак кызарат, кээде денеси бир аз ысыйт. Моюн, желке, лимфа түйүндөрү шишип ооруйт. Андан кийин оору күчөп, бүт денеге чыбырчыктар чыгат, дене температурасы 38-39ока чейин көтөрүлөт. Чыбырчыктар 2–3 күндөн кийин так калбай жоголот. Көпчүлүк учурда белгиси билинбей өтөт. Ооруп айыккан адамда туруктуу иммунитет пайда болот. Кызамык м-н кош бойлуу аялдардын оорушу өтө коркунучтуу, себеби түйүлдүккө жугушу мүмкүн. 3 айга чейинки боюнда бар аялдар ооруса, көп учурда тубаса өсүү кемтиги пайда болот. Ал эми кош бойлуулуктун акыркы айларында кызамык жукса балада аз кандуулук байкалат, ички органдары жабыркайт. Мындай балдар туулгандан 18 айдан ашык убакыт жугуштуу болот. Врач дарылайт. Алдын алууда оорулууну соо балдардан бөлүү, кош бойлуу аялдарга жолотпоо керек.