КЫДЫРМАЕВ Адашбек: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КЫДЫРМАЕВ Адашбек [17. 4. 1943-ж. т., Чүй обл., Жайыл (мурдагы Калинин) р-ну, Эриктүү айылы] – а. ч. илимд. доктору (2000), проф. (2002). К. И. Скрябин атн. КАЧИни (1970), Кыргыз мал чарба ИИИнин ас-

пирантурасын (1974) бүтүргөн. Эмгек жолун (1962) кол­хоздо бухгалтер, зоотехник болуп иштөө м-н баштаган. 1970–83-ж. Кыргыз мал чарба ИИИде ил. кызматкер. 1974-83-ж. Сокулуктагы асыл тукум з-д-тажрыйба чарбасынын директору. 1983–86-ж. Панфилов р-ндук советинин төрагасы, 1986–91-ж. партиянын Талас р-ндук к-тинин биринчи секретары. 1991-93-ж. КРдин а. ч. ж-а азык-түлүк министри, 1993-жылдан КРдин Мамл. асыл тукум мал чарбасы б-ча ил.-өн­дүрүштүк бирикмесинин генералдык директору ж-а Кыргыз мал чарба ИИИнин директору. КР-дин Жогорку Кеңешинин эки жолку чакырылышынын (1985–90, 1990–95), Чүй обл. Кеңешинин (1995–99) депутаты. Мал чарба селекциясы б-ча адис. 150дан ашык ил. эмгектин, а. и. 2 монографиянын, 14 ойлоп табуунун, 12 китеп­тин автору. КРдин а. ч-а эмг. сиң. кызматке­ри. «Ардак Белгиси» ордени ж-а Даңк медалы м-н сыйланган.


Эмг.: Сүт өндүрүүнү ургаалдаштыруунун натыйжа­луулугу. Ф., 1981; Материнская наследственность и физиологический подход в селекции молочного скота. Б., 2007; Уй чарбачылыгы (бодо малды өстүрүү жана асылдандыруу). Б., 2008.