КЫДЫРМАЕВ Адашбек
КЫДЫРМАЕВ Адашбек [17. 4. 1943-жылы туулган., Чүй облусу, Жайыл (мурдагы Калинин) району, Эриктүү айылы] – айыл чарба илимдеринин доктору (2000), профессор(2002). К. И. Скрябин атындагы КАЧИни (1970), Кыргыз мал чарба ИИИнин ас-

пирантурасын (1974) бүтүргөн. Эмгек жолун (1962) колхоздо бухгалтер, зоотехник болуп иштөө м-н баштаган. 1970–83-ж. Кыргыз мал чарба ИИИде илимий кызматкер. 1974-83-ж. Сокулуктагы асыл тукум завод-тажрыйба чарбасынын директору. 1983–86-ж. Панфилов райондук советинин төрагасы, 1986–91-ж. партиянын Талас райондук комитетинин биринчи секретары. 1991-93-ж. КРдин айыл ччарба ж-а азык-түлүк министри, 1993-жылдан КРдин Мамлекеттик асыл тукум мал чарбасы боюнча илимий - өндүрүштүк бирикмесинин генералдык директору ж-а Кыргыз мал чарба ИИИнин директору. КР-дин Жогорку Кеңешинин эки жолку чакырылышынын (1985–90, 1990–95), Чүй облустук Кеңешинин (1995–99) депутаты. Мал чарба селекциясы боюнча адис. 150дан ашык илимий эмгектин, анын ичинде 2 монографиянын, 14 ойлоп табуунун, 12 китептин автору. КРдин айыл чрбасына эмгек синирген кызматкери. «Ардак Белгиси» ордени ж-а Даңк медалы м-н сыйланган.
Эмг.: Сүт өндүрүүнү ургаалдаштыруунун натыйжалуулугу. Ф., 1981; Материнская наследственность и физиологический подход в селекции молочного скота. Б., 2007; Уй чарбачылыгы (бодо малды өстүрүү жана асылдандыруу). Б., 2008.