КЫДЫРАЛИЕВ Кадыржан: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КЫДЫРАЛИЕВ Кадыржан (1. 4. 1936-ж. т., Чүй обл., азыркы Жайыл району, Чолок айылы) – кинооператор, Кыргыз ССРинин эл арт. (1982), Кыргыз ССРинин иск-вого эмг. сиң. ишмери (1969), Кыргыз ССР Токтогул атн. мамл. сыйл. (1972), Кыргызстан Ленин комсомолу сыйл. (1968) лауреаты. 1961-ж. Бүткүл союздук мамл. кинематография ин-тун бүткөндөн «Кыргыз фильм» студиясында иштеген

К. өз ишмердигин даректүү тасмаларда ж-а ил.-коомдук кино тармагында иштөөдөн б аштаган. Ал «Тоо суусу» (1960), «Ырдын жаралышы» (1961), «Улуу эпос» (1962), «Аскалар» (1963), «Жылкылар» (1965), «Кыргыз деңизи» (1965), «Оодарыш» (1970) ж. б.

К. Кыдыралиев «Тайгак кечүү» фильмин тартуу учурунда. 1964.

фильмдердин оператору. К. 1964-жылдан көркөм фильмдердин оператор-коюучусу катары «Тайгак кечүү» (1964, реж. М. Убукеев), «Бакай­дын жайыты» (1967, реж. Т. Океев), «Жамийла» (1968, реж. И. Поплавская, «Мосфильм»), «Уркуя» (1972, реж. Т. Океев), «Мен – Тянь-Шань» (1973, реж. И. Поплавская, «Мосфильм»), «Көк серек» (1974, реж. Т. Океев, «Казакфильм») ж. б. фильмдерди тарткан. К. «Бабалар өрөөнү» (1992), «Талаада атылган ок» (1993) аттуу фильмдердин режиссёру. «Ардак Белгиси» ор­дени, Даңк медалы (2008) м-н сыйланган.