КОЛО ДООРУНДАГЫ КЕНЧТЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КОЛО ДООРУНДАГЫ КЕНЧТЕР</b> Кыргызстандын түндүгүндө табылган коло кенчтер жана казыналар аймакта биздин заманга чейинки XII–IX кылымдарда металл иштетүү болгондугун далилдейт.
<b type='title'>КОЛО ДООРУНДАГЫ КЕНЧТЕР</b> Кыргызстандын түндүгүндө табылган коло кенчтер жана казыналар аймакта биздин заманга чейинки XII–IX кылымдарда металл иштетүү болгондугун далилдейт.

Алар археология или&shy;минде Жети-Суу очогу деп аталат. Жети-Суу очогунан 12 кенч табылып, анда 100дөн ашык буюм болгон. 12 кенчтин тогузу Чүй өрөөнүндөгү Садовый айылынан Ысык-Көлдүн Ак-Суу району&shy;нун Каракол айылына чейинки аймакта табылган.

09:54, 18 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы

КОЛО ДООРУНДАГЫ КЕНЧТЕР Кыргызстандын түндүгүндө табылган коло кенчтер жана казыналар аймакта биздин заманга чейинки XII–IX кылымдарда металл иштетүү болгондугун далилдейт.

Алар археология или­минде Жети-Суу очогу деп аталат. Жети-Суу очогунан 12 кенч табылып, анда 100дөн ашык буюм болгон. 12 кенчтин тогузу Чүй өрөөнүндөгү Садовый айылынан Ысык-Көлдүн Ак-Суу району­нун Каракол айылына чейинки аймакта табылган.

1 – оролгон жырткычтын сүрөттөлүшү, таман астында сайгактын башы. Коло. Биздин заманга чейинки VI–V кылымдар. (Ысык-Көл өрөөнү); 2 – оролгон пантеранын сүрөттөлүшү бар тактача. Ат жабдыктарынын бөлүгү. Коло. Биздин заманга чейинки VIII–VII кылымдар. (Ысык-Көл өрөөнү).

Металл өндүрүү жана андан буюмдарды жа­соо технологиясы коло доорунун маданиятын окуп үйрөнүүдө мааниси зор. А. Д. Дегтяреванын изилдөөсү боюнча Жети-Суу очогунда коло буюм­дарын даярдоодо коргошун, висмут, күмүш, мышьяк көп кошулуп, калыпка куюлгандан кийин металлдын сапатына жараша ысытып, кээде муздак да чабышкан. Жети-Суунун ба­йыркы металл иштетүүчүлөрүнүн салттуу так­шалган ыкмалары болгон, алар укумдан-тукумга өтүп турган. Профессор Е. Е. Кузьмина Орто Азия­дагы коло доорунун кенчтерин эки түргө айырмалайт:

Коло кумура жана табак. XIV кылым.

1) уютулган коло, куюлуп жасал­ган жана жарым-жартылай даяр буюмдар; 2) эм­гек, согуш куралдары, кооздуктар жана өздүк буюмдар. Коло доорундагы кенчтер жеке менчиктин пайда болу­шу, өз ара согуштардын тереңдеши, мүлктүк тең­сиздиктин жогорулашы, металл иштетүүчү­лөрдүн өз алдынча адистеши, соода, алма­шуунун өнүгүшү менен байланыштуу.