КОЛО ДООРУНДАГЫ КЕНЧТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛО ДООРУНДАГЫ КЕНЧТЕР Кыргызстандын түндүгүндө табылган коло кенчтер жана казыналар аймакта биздин заманга чейинки XII–IX кылымдарда металл иштетүү болгондугун далилдейт.

Алар археология или­минде Жети-Суу очогу деп аталат. Жети-Суу очогунан 12 кенч табылып, анда 100дөн ашык буюм болгон. 12 кенчтин тогузу Чүй өрөөнүндөгү Садовый айылынан Ысык-Көлдүн Ак-Суу району­нун Каракол айылына чейинки аймакта табылган.

1 – оролгон жырткычтын сүрөттөлүшү, таман астында сайгактын башы. Коло. Биздин заманга чейинки VI–V кылымдар. (Ысык-Көл өрөөнү); 2 – оролгон пантеранын сүрөттөлүшү бар тактача. Ат жабдыктарынын бөлүгү. Коло. Биздин заманга чейинки VIII–VII кылымдар. (Ысык-Көл өрөөнү).

Металл өндүрүү жана андан буюмдарды жа­соо технологиясы коло доорунун маданиятын окуп үйрөнүүдө мааниси зор. А. Д. Дегтяреванын изилдөөсү боюнча Жети-Суу очогунда коло буюм­дарын даярдоодо коргошун, висмут, күмүш, мышьяк көп кошулуп, калыпка куюлгандан кийин металлдын сапатына жараша ысытып, кээде муздак да чабышкан. Жети-Суунун ба­йыркы металл иштетүүчүлөрүнүн салттуу так­шалган ыкмалары болгон, алар укумдан-тукумга өтүп турган. Профессор Е. Е. Кузьмина Орто Азия­дагы коло доорунун кенчтерин эки түргө айырмалайт:

Коло кумура жана табак. XIV кылым.

1) уютулган коло, куюлуп жасал­ган жана жарым-жартылай даяр буюмдар; 2) эм­гек, согуш куралдары, кооздуктар жана өздүк буюмдар. Коло доорундагы кенчтер жеке менчиктин пайда болу­шу, өз ара согуштардын тереңдеши, мүлктүк тең­сиздиктин жогорулашы, металл иштетүүчү­лөрдүн өз алдынча адистеши, соода, алма­шуунун өнүгүшү менен байланыштуу.