КОМУЗЧУЛАР АНСАМБЛИ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОМУЗЧУЛАР АНСАМБЛИ – муз. коллектив; Кыргыз улуттук филармониясынын эл аспаптар оркестринин комуз күүлөрүн аткаруучу чакан тобу. Алгачкы К. а-н М. Күрөңкөев 1922-ж. Каракол ш-нда, 1933-ж. К. Орозов уюштурат. Кыргыз комузчуларынын туңгуч респ. кароосуна (1936) Ысык-Көл р-нунун К. а. катышкан. 1938-ж. А. Огомбаев Фрунзеде 3 кишиден (А. Огомбаев, Б. Кулболдиев, С. Айманбетов) турган К. а-н уюштурган. Кийинчерээк ансамблдин катышуучуларынын катарын К. Молдобасанов, Т. Карымшаков, Ш. Шеркулов, С. Медетов, А. Эшмамбетов өңдүү чебер аткаруучулар толуктаган. Ансамблде кол ойнотуу, маштап аткаруу ыкмалары м-н айтым күүлөр чертилген. Ансамблдин аткаруучулук чеберчилиги кыргыз иск-восунун Москва ш-нда өткөн (1939) он күндүгүндө жогору бааланган. К. а. О. Азия респларынын ж-а Казакстандын муз. он күндүктөрүнө (1942-ж. Фрунзе; 1944-ж. Ташкент) катышкан. Ансамблдин репертуарында Атайдын «Кыз кербез», «Ак тамак, Көк тамак», Айдараалынын «Көйрөң күү», Токтогулдун «Чайкама»,

«Чоң кербез», Ниязаалынын «Кара өзгөй», Карамолдонун «Жаш кербез» ж. б. күүлөр болгон. Атайдын «Маш ботой», Токтогулдун «Келгендеги кербезим» өңдүү күүлөрүн оркестрдин коштоосу м-н да аткарган. К. а. Москвада (1957), Софияда (1968) өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштар м-н студенттердин фестивалдарынын лауреаты, 1958-ж. Кыргыз ад-ты м-н иск-восунун Москвада өткөн он күндүгүндө жогорку баага татыган. 1970–80-жылдары ансамблди Ч. Исабаев жетектеген. Ансамбль Франция, Канада, Япония, Сирия, Финляндия, Моңголия, АКШ, Түркия ж. б. чет өлкөлөрдө ж-а Кыргыз эл аспаптар оркестри м-н бирге КМШ өлкөлөрүнүн көпчүлүк шаарларында гастролдо болгон. К. анин салтын улантуу максатында 1998-ж. М. Абдраев атн. Респ. муз. мектеп-интернаттын алдында «Акак» К. а. түзүлгөн (негиздөөчүсү И. Суеркулова, көркөм жетекчиси К. Жекшенов). Репертуарында: «Ибарат» (К. Орозов), «Ак тамак, Көк тамак», «Маш ботой», «Маш Камбаркан»

(А. Огомбаев), «Жеңиш күүсү» (Ы. Туманов), «Кара өзгөй», «Кер толгоо» (Н. Борошев) ж. б. Ансамбль көптөгөн респ. кароо сынактарга, эл аралык конкурстарга ж-а фестивалдарга катышып, байгелүү орундарга ээ болгон. К. а. Т. Сатылганов атн. Кыргыз улуттук филармониясынын К. Орозов атн. эл аспаптар оркестринин коштоосунда ж-а А. Жумакматов атн. акад. симф. оркестринин коштоосунда Ала-Тоо аянтында өткөрүлүүчү мамл. деңгээлдеги иш-чараларга катышып турат. «Акак» К. а. чет өлкөлөрдө – АКШ, Дания, Польша, Россия, Түркия, Франция, Швеция ж-а Борб. Азия мамлекеттеринде кыргыз күүлөрүн даңазалоодо.