КОМПОЗИТ МАТЕРИАЛЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОМПОЗИ́Т МАТЕРИАЛЫ (composit) – өзүнүн касиетин ж-а курамын өзгөртпөгөн, эки же бир нече компоненттерден турган материал. Эритмелерден айырмаланып, К. м. майда бөлүкчөлөрдүн кошундусунан туруп, бир түрдөгү катуу материалды түзөт. К. м-нын касиети компоненттердин касиеттерине жараша болот. Бирок, алардын кээ бири бузулууларга карата болгон туруктуулугу ж-а илээшкектүүлүгү м-н өзгөчө сапатка ээ. Алгачкы К. м. – самандан жасалган кыш, байыркы Египетте даярдалган. Катуулугун жогорулатуу ж-а бири бирин байланыштыруу үчүн саман кошулган. Азыркы темир-бетондун бышыктыгын ичке темир же болот арматуралар жогорулатат. Цементтин бекемдигин жогорулатуу үчүн була кошулат. Мурда мындай максатта асбест (кебез таш) буласы колдонулса, азыр айнектүү полимердүү ж-а накта була колдонулат. Көп катмарлуу материалдар да К. м-на кирет. 1980-жылдары металл – матрицалык К. м. пайда болгон ж-а керамика булалар, мис., алюминий оксиди ж-а кремний карбиди жеңил металл кошундуларынын бекемдигин жогорулатат. Мындай материалдардын сапаты жогорку темп-рада өзүнүн касиетин сактоочу керамика булаларга байланыштуу.