КОМЕТАЛАР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОМЕТАЛАР (гр. komet–s, сөзмө сөз – узун чачтуу), к у й р у к т у у ж ы л д ы з д а р – Күн системасындагы чаң, муз бөлүкчөлөрүнөн турган ж-а өтө созулган орбита б-ча айлануучу асман телолору. Күндөн кыйла алыс аралыкта сүйрү формадагы начар жылтыроочу так түрүндө көрүнөт, ал эми Күнгө жакындай баштаганда, «баш» ж-а «куйрук» пайда болот. Башынын борб. жаркырак бөлүгү ядро деп аталат. Ядронун орточо салмагы 1–100 млрд кг, диаметри 0,5–20 км, тыгыздыгы 200 кг/м3. Ядродо боштуктар да бар. Анын үчтөн бири муз ж-а үчтөн экиси чаң сымал туруксуз заттан турат. Муз негизинен суу ж. б. бир катар кошулмалардан пайда болгон. Күнгө ар бир жакындоосунда муз эрип, газ молекулалары ядродон чыгат ж-а өзү

м-н чаң, муз бөлүкчөлөрүн таратат. Ошонун негизинде ядронун тегерегинде уюлгуган булутча – кома сымал узун плазмалык чаңдуу куйрук пайда болот. Жоготууга учураган заттардын саны ядрону каптаган чаңга ж-а Күн м-н болгон аралыкка көз каранды. «Жотта» космос
аппаратынын Галлей кометасына жакын аралыктан жасаган байкоолору К. түзүлүшү б-ча бир катар теорияларды бышыктаган. К. узак ж-а кыска мезгилдүү болуп бөлүнөт. Кыска мезгилдүү К-дын Күндү айлануусу орт. 8 жыл. Астрономдор 1976-ж. Веста ж-а Биэла кометасынын ажырашын байкашкан. Узак мезгилдүү К-дын айлануу мезгили 10 миңден 1 млн жылды түзөт. Азыр 140 кыска ж-а 800дөй узак мезгилдүү К. белгилүү ж-а жылына 30дай жаңысы ачылып турат. Ал объектилер толугу м-н изилдене элек, аларды Күнгө 2,5 а. б. аралыкта жакындаганда гана байкоого болот. Болжол м-н Күн айланасында триллионго жакын К. айланып жүрөт.