КОЛОНИЯЛУУ ОРГАНИЗМДЕР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОЛОНИЯЛУУ ОРГАНИЗМДЕР – жыныссыз көбөйүүдө пайда болгон (бүчүрлөнгөн) муундар эне организминен бөлүнбөй, чогуу бир татаал түзүлүштүү – колония түзүп жашоочу организмдер. К. о. негизинен бир клеткалуу балырда, былпылдактарда ж. б. кездешет. Айрымдары субстратка жабышып (радиолярия, сифонофора ж. б.), кыймылсыз жашайт. Булардын аздыр-көптүр скелети болот. Колониялуу радиолярия, сифонофора ж. б. суу тереңинде жашап, скелети жок, тунук болот. К. о-дин көбү – деңиз жаныбарлары. Аларга жөнөкөйлөрдөн айрым шапалактуулар, радиоляриялар, көпчүлүк былпылдактар, ичеги көңдөйлүүлөр, бардык гидралар, шуру полиптери ж. б. кирет. Алар колония түзүшү б-ча зооспоралуу ж-а автоспоралуу болуп бөлүнөт. К. о-дин көбүнө метагенез, б. а. колониялуу, вегетация жолу (жыныссыз) м-н көбөйгөн муун, жыныс жолу м-н көбөйгөн жалгыз муун м-н кезектешүү мүнөздүү. Кээде дайыма же убактылуу чогулуп жашаган организмдер (кумурска, аары, термит, бактериялар, куштар, айрым сүт эмүүчүлөр) колония түзүп жашайт.