КОЛОНИЯЛУУ ОРГАНИЗМДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛОНИЯЛУУ ОРГАНИЗМДЕР – жыныссыз көбөйүүдө пайда болгон (бүчүрлөнгөн) муундар эне организминен бөлүнбөй, чогуу бир татаал түзүлүштүү – колония түзүп жашоочу организм­дер. Колониялуу организмдер негизинен бир клеткалуу балырда, былпылдактарда ж. б. кездешет. Айрымдары субстратка жабышып (радиолярия, сифонофо­ра ж. б.), кыймылсыз жашайт. Булардын аз­дыр-көптүр скелети болот. Колониялуу радио­лярия, сифонофора ж. б. суу тереңинде жашап,скелети жок, тунук болот. Колониялуу организмдин көбү – де­ңиз жаныбарлары. Аларга жөнөкөйлөрдөн ай­рым шапалактуулар, радиоляриялар, көпчүлүк былпылдактар, ичеги көңдөйлүүлөр, бардык гид­ралар, шуру полиптери ж. б. кирет. Алар коло­ния түзүлушү боюнча зооспоралуу ж-а автоспоралуу болуп бөлүнөт. Колониялуу организмдердин көбүнө метагенез, башкача айтканда колониялуу, вегетация жолу (жыныссыз) м-н көбөйгөн муун, жыныс жолу м-н көбөйгөн жал­гыз муун м-н кезектешүү мүнөздүү. Кээде дайыма же убактылуу чогулуп жашаган организмдер (ку­мурска, аары, термит, бактериялар, куштар, айрым сүт эмүүчүлөр) колония түзүп жашайт.