КОЛО ДООРУНДАГЫ КЕНЧТЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КОЛО ДООРУНДАГЫ КЕНЧТЕР Кырг-ндын түндүгүндө табылган коло кенчтер ж-а казына-


лар аймакта б. з. ч. 12–9-к-да металл иштетүү болгондугун далилдейт. Алар археология или­минде Жети-Суу очогу деп аталат. Жети-Суу очогунан 12 кенч табылып, анда 100дөн ашык буюм болгон. 12 кенчтин тогузу Чүй өрөөнүндөгү Садовый айылынан Ысык-Көлдүн Ак-Суу р-ну­нун Каракол айылына чейинки аймакта табыл-

1 – оролгон жырткычтын сүрөттөлүшү, таман астында сайгактын башы. Коло. Б. з. ч. VI–V кк. (Ысык-Көл өрөөнү); 2 – оролгон пантеранын сүрөттөлүшү бар тактача. Ат жабдыктарынын бөлүгү. Коло. Б. з. ч. VIII–VII кк. (Ысык-Көл өрөөнү).

ган. Металл өндүрүү ж-а андан буюмдарды жа­соо технологиясы коло доорунун мад-тын окуп үйрөнүүдө мааниси зор. А. Д. Дегтяреванын изилдөөсү б-ча Жети-Суу очогунда коло буюм­дарын даярдоодо коргошун, висмут, күмүш, мышьяк көп кошулуп, калыпка куюлгандан кийин металлдын сапатына жараша ысытып, кээде муздак да чабышкан. Жети-Суунун ба­йыркы металл иштетүүчүлөрүнүн салттуу так­шалган ыкмалары болгон, алар укумдан-тукум-

Коло кумура жана табак. XIV к.

га өтүп турган. Проф. Е. Е. Кузьмина О. Азия­дагы коло доорунун кенчтерин эки түргө айырмалайт: 1) уютулган коло, куюлуп жасал­ган ж-а жарым-жартылай даяр буюмдар; 2) эм­гек, согуш куралдары, кооздуктар ж-а өздүк буюмдар. К. д. к. жеке менчиктин пайда болу­шу, өз ара согуштардын тереңдеши, мүлктүк тең­сиздиктин жогорулашы, металл иштетүүчү­лөрдүн өз алдынча адистешиши, соода, алма­шуунун өнүгүшү м-н байланыштуу.