КОЛЛОИД ХИМИЯСЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОЛЛО́ИД ХИМИЯСЫ – физ. химиянын гетерогендүү дисперсиялык системалардын, коллоиддик эритмелердин ж-а ири молекулалык массалуу бирикмелердин физ.-хим. касиеттерин беттик кубулуштун негизинде үйрөтүүчү бөлүгү. «Коллоид» – крахмал, желимге окшош дегенди билдирет. К. х-нын негизги объектилерине: ири дисперсиялык системалар – суспенсия, эмульсия, күкүмдөр, микрогетерогендүү дисперсиялык системалар – аэрозолдор, көбүктөр, жогорку дисперсиялык системалар – коллоиддик эритмелер ж-а ири молекулалуу бирикмелер – полимерлер, белок заттары, нуклеин к-талары ж. б.
кирет. К. х. коллоиддик абалдагы заттардын физ.-хим. касиеттерин, дисперсиялык даражасын, бөлүкчөлөрдүн түзүлүшүн изилдейт. Диализ, ультра чыпкалоо, электр осмос, ультрамикроскопия, электрондук микроскопия, нефелометрия ж. б. ыкмалардын өркүндөшү К. х-нын
өзгөчө объектилерди изилдешине мүмкүндүк берди. Азыркы К. х. молекула-кинетикалык кубулуштарды (броун кыймылы, диффузия), беттик кубулуштарды (адсорбция, адгезия), дисперсиялык фазанын пайда болушун, коллоиддик бөлүкчөнүн түзүлүшүн, дисперсиялык системанын физ.-хим. механикасын ж. б. изилдейт. Коллоиддик абал жаратылышта кеңири таралган. Ал
өсүмдүк м-н жаныбар организми, гидросфера,
атмосфера ж. б. көп түрдүү ири дисперсиялык ж-а коллоид дисперсиялык системалардын татаал жыйындысынан турат. Курулуш материалдарынын, силикаттардын, пластмасса, резина, тоо кендерин бургулоо ж. б. тех. процесстердин ил. негиздерин иштеп чыгууда К. х-нын мааниси чоң.
Ад.: Т. Т. Кудайбергенов, У. А. Асанов. Физколлоидная химия. Б. 2004; Щукин Е. Д., Перцов А. В., Амелина Е. А. Коллоидная химия. 5-е изд. М., 2007.
З. Р. Мусабекова.