КОЛ КҮРӨШ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КОЛ КҮРӨШ , а р м р е с л и н г – жигиттердин күч сынашкан оюну. Эки жигит ортосуна такта коюп, маңдай-тескей экөө бирдей сыңар тизе­леп олтурушат да, оң колдорун бармакташа бе­кем кармашып, ар кимиси атаандашынын ко­лун чалкалата кыйшайтып барып жыгууга ара­кеттенет. Сол колдору м-н сол жаккы жоон сан­дарын таянышат. Оюнчулар тең тайлаш болуп калса, сол колдорун күрөштүрөт. Оюнду тартип б-ча алып баруу үчүн калыс киши дайындалат. Бул оюн айрым жерлерде билек сынамай деп да айтылат. АКШ ж-а Европа өлкөлөрүндө К. к-түн өнүккөн түрү «армреслинг» деп аталып, спорттун түрүнө кирет.