КОЛГУЕВ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОЛГУ́ЕВ – Баренц деңизинин түш.-чыгышындагы арал. Материктен 75 км аралыкта. Россиянын Архангел обл-нда (Ненец АОсунда). Материктен 80 км аралыкта. Аянты 5,2 миң км2. Жеринин бетинде 70–80 м бийиктеги морена дөбөлөрү көтөрүлүп жатат, эң бийик жери 166 м,
түш. бөлүгү түзөң. Көл ж-а саз көп. Жээктери тегиз, түн.-батышы бийик ж-а тик. Климаты континенттик, деңиздик мүнөздө. Эң суук айынын (март) орт. темп-расы –14°С, эң жылуу
айыныкы (август) 9°С, жылдык жаан-чачыны
350 мм. Мамык чөп-эңилчектүү тундра өсүмдүктөрү басымдуу; түштүгүнө бадалдуу тундра мүнөздүү. Сүт эмүүчүлөрдөн ак түлкү, түлкү кезигет. Жайында келгин куштар уялайт. Нефть
өндүрүлөт. Бугу багуу, балык ж-а аң уулоо өнүккөн. К-де Бугрино, Северный кыш. жайгашкан. Аралдын аты 16–17-к-дагы карталарда кездешет.