КОЗУ КУЛАК КИСЛОТАСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОЗУ КУЛАК КИСЛОТАСЫ , НООС–СООН – эки
негиздүү каныккан карбон кислоталардын эң жөнөкөй өкүлү. Түссүз кристаллдар; мол. салмагы 90,036; б. эрүү t 189,5°С; сууда ж-а орг.
эриткичтерде начар эрийт. К. к. к. – күчтүү орг.
кислота ж-а калыбына келтиргич. Анын туздары көп сандаган өсүмдүктүн курамында кездешет. Айрыкча козу кулакта ж-а ышкында көп.
К. к. к. – күчтүү калыбына келтиргич. Кычкыл
ж-а орто эфирлерди, амиддерди ж. б. туундуларды пайда кылат. Кумурска к-таcынын туздарын жогорку темп-рада ысытканда, К. к. к-нын туздары пайда болот. Ө. ж-да көмүртек кош оксиди м-н суутектен алынат. К. к. к. ж-а анын туздары металлдардын бетин жылмалоодо, чыт
кездемесин чыгарууда ж-а боёодо, булгаары
өндүрүүдө, анализдик химияда Ca, Th, Pt ж. б. металлдардын иондорун бөлүп алууда колдонулат.