КОЗУ КУЛАК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КОЗУ КУЛАК (Rumex) – өсүмдүктөрдүн кара күрүчтөр тукумундагы көп же бир жылдык чөптөр уруусу. Жалбырагы тамырдан өсүп чы­гат. Гүлү майда бир же кош жыныстуу, топ гү­лү – шыпыргыдай. Эки үйлүү өсүмдүк, шамал

Козу кулак: 1 – шы­пыргы топ гүлү; 2 – өсүмдүктүн түп жа­гы ж-а тамыры; 3 – мөмөсүнүн жара ке­силиши; 4, 5 – гүлү.

аркылуу чаңдашат. Мөмөсү жаңгак сымал, үч кырдуу. 150–200 түрү дээрлик бүт жер бетине, көбүнчө мелүүн алкакта тараган. Шалбааларда өсөт, жалбырактуу жашылча катары өстүрүлөт. Уругу ж-а тамыры м-н көбөйөт. Кышкысын жылыткычтарга отургузулат. Көпчүлүк түрү отоо чөп, айрымдары медицинада, ветеринарияда, о. эле тамак-аш катары да колдонулат.