КОЖОБЕКОВА Суйумкан: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КОЖОБЕКОВА Сүйүмкан (1910, Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Саруу айылы – 2001, Тоң р-ну, Бөкөнбаев айылы)

– малчы, Соц. Эмг. Бааты­ры (1957). Эмгек жолун катардагы колхозчудан баштаган. 1937-жылдан Ысык-Көл обл-нун Тоң р-нундагы Ленин атн. кол­хоздун баш чабаны болуп эмгектенген. Ал 1956-ж. өз короосундагы ар бир ирик­ти 70 кг салмакта мамле­кетке тапшырып, 3,5 кгдан жүн кыркып алган. 1959– 63-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ле­нин ордени м-н сыйлан­ган.