КОЁН ТОМУК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КОЁН ТОМУК (Perovskia) – өсүмдүктөрдүн эрин гүлдүүлөр тукумундагы уруусу. Бийикт. 1 мге жеткен тарбагай бутактуу, өтө жыттуу чала ба­дал. Жалбырагы жөнөкөй же канаттай тилке­лүү, тушташ жайгашкан. Көгүш-кызгылт гүлдө­рү эки эриндүү. Топ гүлү – шыпыргыдай, мөмөсү – жаңгакча. Кырг-нда 5 түрү бар. Сай, таштак, шагыл жерде өсөт. Кооз, балдуу, эфир майлуу өсүмдүк. Жер үстүндөгү бөлүгүнөн алынган эфир майы парфюмерия өндүрүшүндө колдонулат, гүлүндөгү пигмент м-н кездемелерди кызгылт, мала кызыл түскө боёого болот. Коңул гүлдөй К. т. – уулуу өсүмдүк, андан алкалоид алынат.