КОДДОГУЧ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КОДДОГУЧ – кабар берүүдө белгилүү коддорго дал келгендей кылып кайра өзгөртүп түзүүчү түзүлмө. Коддолуучу кабар коддолгонунан К-тун физ. табияты ж-а кайра өзгөртүп түзүүчү чоңдук­тардын мүнөздөлүшү м-н айырмаланат. Ошон­дуктан К. шарт б-ча 2 функциялык блокту кам­тыйт. Биринчиси (эгер зарыл болсо) үзгүлтүксүз сигналдарды дискреттүү ж-а бир түргө өткөрөт (мис., салыштыруу методу). Экинчи блок түздөн­түз коддоо м-н өзүнө, байланыш түйүндөрүндө кандайдыр бир белгилүү кодго дал келген сы­зыктуу эмес элементтери бар матрицалык схе­маны камтыйт.