КЛИСФЕН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЛИСФЕ́Н (б. з. ч. 6-к-дын 2-жарымы – 5- к-дын башы) – Байыркы Афины саясатчысы ж-а реформатору. Алкмеониддер тукумунан. Писистратийлер тирандыгына каршы кыймылды жетектеген, анын натыйжасында 510-ж. Афиныдан Гиппий тираны кетирилип, өлкөнү К. башкарып калган. Аттикада уруулук бөлүнүштү аймактык бөлүнүш м-н алмаштырып, 4 уруулук бөлүнүштүн ордуна 10 фил аймагын (ар бир фил тоолуу, жээктеги ж-а ички обл. болуп 3кө бөлүнгөн) түзгөн. К. уруу ак сөөктөрүнүн башкаруудагы ролун жоюп, Афиныдагы кул ээлик демократиянын негизделишине шарт түзгөн бир катар реформаларды жүргүзгөн.
Ад.: Бузескул В. П. История афинской демократии.
2-ое изд., СПб, 2003.