КЛАССИКАЛЫК БИЛИМ (ТААЛИМ) БЕРҮҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КЛАССИКАЛЫК БИЛИМ (ТААЛИМ) БЕРҮҮ – жалпы орто билим берүүнүн бир түрү. Мында латын, грек тилдерин ж-а антикалык ад-тты үйрөнүү негизги орунду ээлеген. Билим берүүнүн бул түрү Европада Кайра жаралуу доорунан, б. а. антикалык мад-тка кызыгуу күчөгөн мезгилден, ал эми Россияда 17-к-дан өөрчүй баштаган. 18- к-да Петербург ИАга (1726), Москва ун-тине (1755) караштуу, 1758-ж. Казанда алгачкы гим­назиялар ачылган. Мамл. гимназиялар Россия­да жалпы билим берүүчү орто мектеп катары 1804-жылкы Устав б-ча ачылган. Ал гимназия­ларда антикалык тилдер м-н ад-тты үйрөнүүгө улам көп көңүл бурулган. 1864-жылкы Устав б-ча классикалык гимназиялар м-н катар реал­дуу гимназиялар түзүлгөн, ун-тке кирүүгө реал­дуу гимназияларда даярдалган. 1917-жылдан кийин жоюлган. 20-к-дын аягында Россияда классикалык гимназия класстары ачылып, ла­тын ж-а грек тилдери окутулат.