КЛАСС: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КЛАСС , б и о л о г и я д а – биол. систематика­дагы жогорку таксономиялык категориялардын бири. Жакын түркүмдөрдү (жаныбарларда) же катарларды (өсүмдүктөрдө) бириктирет. Мис., ке­мирүүчүлөр, курт-кумурска жечүлөр, жырткыч­тар ж. б. түркүмдөр сүт эмүүчүлөр К-ына бири­гет. Жалпы түзүлүштөгү ж-а келип чыккан теги бир К-тын өкүлдөрү типке (жаныбарда) же бө­лүмгө (өсүмдүктө) биригет. Мис., жерде-сууда жашоочулар, куштар, сүт эмүүчүлөр ж. б. жа­ныбарлардын хордалуулар тибин түзөт. Бир үлүштүү ж-а эки үлүштүү өсүмдүктөр жабык урук­туулар (гүлдүү өсүмдүктөр) бөлүмүнө биригет.