КЛАРНЕТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КЛА́РНЕТ (лат. сlarus – ачык добуш)

– жыгач­тан жасалган үйлөмө муз. аспап. Ал түтүкчө формада болуп, каналынын уз. 590–680 мм. Анын үнү үйлөгөндө тилченин термелүүсүнүн не­гизинде чыгат. К. болжол м-н б. з. ч. бир нече миң жыл мурда пайда болгон. Андан Индияга, Малайзияга, Евро­пага тараган. К. 1700-ж. Н юрн­бергдик Й. К. Ден­нер т арабынан ө р к үн дө т ү л гөн.
Азыркы К-те 20 капкакча, 7 көзөнөк бар. К. үйлөмө ж-а симф. оркестрлерде, камералык ансамблдерде кол­донулат. К. үчүн Й. Гайдн, В. Моцарт, 19-к-да И. Мюллер, О. Буффе, Г. Клозе, Р. Вагнер ж-а И. Брамс көптөгөн чыгармаларды жаратышкан. 20-к-да К. аскердик ж-а үйлөмө аспаптар оркес­тринин, жаз ж. б. ансамблдердин негизги аспап­тарынан болуп калды. Кырг-нда Кыргыз ССРи­нин эмг. сиң. арт. М. Мирахимов, В. Рахимов, М. Серажиддинов, КРдин эмг. сиң. ишмери Э. Шаршенбаев ж. б. кларнетчилер белгилүү.