КЛАЙПЕДА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КЛА́ЙПЕДА (1923-ж. чейин М е м е л ь) – Лит­вадагы шаар. Данге (Дане) д-нын боюнда жай­гашкан. Балтика деңизиндеги тоңбогон ири порт (27 млн т жүк; 2007). Калкы 183,4 миң (2009); калкынын саны б-ча Литвадагы 3- шаар. К-дан 25 км аралыкта Палангада эл ара-

Шаардын жана порттун көрүнүшү.


лык аэропорт жайгашкан. Т. ж. бекети. Жол­дор тоому. Паром аркылуу Германия (Засниц – т. ж. парому; Киль), Дания (Орхус, Обенро), Швеция (Карлсхамн) м-н байланышат. Балык флотунун деңиздеги базасы. Балык кармалып, беленделет. Шаардын экономикасынын негизин портту тейлөө түзөт. Кеме куруу ж-а ремонт­тоо, текстиль (кебез-кездемелери токулат), цел­люлоза-кагаз ө. ж. ишканалары иштейт. Жа­кут ташынан көркөм зер буюмдар жасалат. 17– 18-к-дын арх-ра эстеликтери сакталган. 1252-ж. Мемельбург сепили катары негизделген. 1525- жылдан Пруссиянын, 1871-жылдан Германия империясынын, 1920-жылдан Антанта мамле­кетинин башкаруусунда, 1923-жылдан Литва­нын курамында. Ун-т (1991, деңиз кеме кыз­маткерлерин даярдайт), консерватория, драма театры, музейлер (а. и. край таануу, деңиз, саат), сүрөт галереясы бар. Почтамттын имаратынын мунарасында 48 коңгуроолуу карийон орнотул­ган (1987). Жыл сайын муз. фестивалдар (1976, «Клайпеда музыкалуу жазы»; жаз музыкасы, 1993) ж-а деңиз майрамы (июль–август) өткө­рүлүп турат.