КЛАВИАТУРА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КЛАВИАТУ́РА (лат. сlavis – ачкыч) – 1) муз. аспаптарда өзгөчө жасалган рычагдардын ком­плекти бар клавишалардын бир катарда жай­гашуусу. Муз. аспаптын К-сын басуу м-н бел­гилүү бийиктиктеги үн алынат. Органда бир эле убакта ар кайсы тембрде ойноо мүмкүнчүлүгүн камсыздоо ж-а так динамикалык контрасттар­га жетишүү үчүн террасса сыяктуу биринин үс­түнө бири жайгашкан 2–3, чоң органдарда 7 К. (мануалдар) колдонулат. Органда бут үчүн К. – педаль бар. Баян, гармондор үчүн топчу ж-а кадимки фортепьяно түрүндөгү өзгөчө К. ой­лоп табылган; 2) кээ бир механизмдердеги (компьютер, эсептөө машиналары) клавишалар жыйындысы, к. Баскыч топ.