КИТЕПКАНА АРАЛЫК АБОНЕМЕНТ (КАА): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КИТЕПКАНА АРАЛЫК АБОНЕМЕНТ (КАА) – калкты китеп м-н тейлөөнүн түрү. Бардык эле китепканалар өзүндө жок китептерди окурман­дардын суроолору б-ча башка китепканалардан убактылуу мөөнөткө сурап алууга акылуу. «СССРдин китепкана аралык абонементинин мамл. бирдиктүү курамы жөнүндөгү жобого» (1969) ылайык аймактык ж-а тармактык КАА уюштурулган. Кырг-нда КААнын мамл. бирдик­түү кызматын В. И. Ленин атн. респ. мамл. китепкана жетектеген. 2002-ж. КРдин жаран­дарды китепканалык-информ. тармактар б-ча тейлөөнү укуктук жактан камсыз кылуу ж-дөгү жобо кабыл алынып, бул ишти Кыргыз улут­тук китепканасы ж-а жалпы элдик китепка­налар аткарат. Учурда интернет аркылуу ата­йын электрондук каталогдор ачылган. Окурман каалаган китебин оңой таап ала алат.