КАРЫМШАКОВ Абдыкасым: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Айырма жок)

03:12, 8 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КАРЫМШАКОВ Абдыкасым (1913, Жети-Суу облусу, Пржевальск уезди, (азыркы Ысык-Көл облусу, Түп району)

Күрмөнтү кыштагы – 6. 8. 1997, ошол эле жер) – Даңк орденинин толук кавалери, уч­куч-аткыч. 1941-жылдын сентябрынан Советтик Армияда. Улуу Ата Мекендик согуш­та (1941–45) Түштүк, 4-, 1-Ук­раин ж-а Беларусь фронтто­рунда салгылашып, Таган­рог, Мелитополь, Жанкой, Севастополь үчүн болгон уруштарга катышкан. Ви­тебск, Борисов шаарларын бошо­тууга, Сандомир плацдар­мын ээлөөгө, Кёнигсберг шаарын алууга, Чыгыш Пруссияны фашисттерден тазалоого катышкан. Крым үчүн салгылашта­гы эрдиги үчүн 3-даражадагы Даңк орденине, Чыгыш Пруссия операциясына катышканы үчүн 2- ж-а 1-даражадагы Даңк ордендерине татыктуу болгон. Согуш убагында 203 согуштук учуш жа­сап, душмандын 7 самолётун атып түшүргөн. Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. Түп ж-а Күрмөнтү айылдарындагы бирден көчө анын ысмы м-н аталат.