КАРИЕС: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КА́РИЕС</b> (лат. сaries – чирүү), т и ш т и н ч и ­р и ш и – сөөк же тиш ткандарынын бузулушу. Кариес сөөктү же сөөк челин чирүүгө дуушар кылуу­чу дистрофиялык же инфекциялык процесстер­ден пайда болот да, көбүнчө тиште учурайт. Тиштин катуу ткандары (эмаль, дентин, цемент) бузулуп, көңдөй пайда болот. Кариес негизинен тиш­тин, ооз көңдөйүн таза сактабаганда, тиш ара­сына тамак-аш калдыктары тыгылып калган жерде да пайда болот. Ооздо тамак-аштын ажы­роосунан пайда болгон кислоталар тиштин мине­ралдык бөлүгүн эритет, аны андан ары микроб­дор бузат. Кариес тиштин эмалы кетилүү м-н башта­лат да, андан дентинге өтөт. Бара-бара процесс күчөп, | <b type='title'>КА́РИЕС</b> (лат. сaries – чирүү), т и ш т и н ч и ­р и ш и – сөөк же тиш ткандарынын бузулушу. Кариес сөөктү же сөөк челин чирүүгө дуушар кылуу­чу дистрофиялык же инфекциялык процесстер­ден пайда болот да, көбүнчө тиште учурайт. Тиштин катуу ткандары (эмаль, дентин, цемент) бузулуп, көңдөй пайда болот. Кариес негизинен тиш­тин, ооз көңдөйүн таза сактабаганда, тиш ара­сына тамак-аш калдыктары тыгылып калган жерде да пайда болот. Ооздо тамак-аштын ажы­роосунан пайда болгон кислоталар тиштин мине­ралдык бөлүгүн эритет, аны андан ары микроб­дор бузат. Кариес тиштин эмалы кетилүү м-н башта­лат да, андан дентинге өтөт. Бара-бара процесс күчөп, кариес көңдөйү улам тереңдеп, тиш пульпа­сына жетип, оору пайда болот. Тиш эмалы жал­тырабай, тунук болбой, бодурала болуп калат. Тиш таттуу, кычкыл, туздуу, ысык ж-а муздак тамак ичкенде ооруйт. Тиш кариеси көбүнчө өнөкөт оору. Катуу кармаганы жаш балада жолугуп, ички секрециясынын бузулушуна байланыштуу болот. Кариес болгон тишке өз убагында пломба коюу ке­рек. Тиштин кариеске туруктуулугун жогорулатуу үчүн керектүү туздар (айрыкча Са, Р туздары), Д витамини жетиштүү болууга тийиш. | ||
[[Категория:4-том, 154-203 бб]] | [[Категория:4-том, 154-203 бб]] | ||
08:48, 10 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КА́РИЕС (лат. сaries – чирүү), т и ш т и н ч и р и ш и – сөөк же тиш ткандарынын бузулушу. Кариес сөөктү же сөөк челин чирүүгө дуушар кылуучу дистрофиялык же инфекциялык процесстерден пайда болот да, көбүнчө тиште учурайт. Тиштин катуу ткандары (эмаль, дентин, цемент) бузулуп, көңдөй пайда болот. Кариес негизинен тиштин, ооз көңдөйүн таза сактабаганда, тиш арасына тамак-аш калдыктары тыгылып калган жерде да пайда болот. Ооздо тамак-аштын ажыроосунан пайда болгон кислоталар тиштин минералдык бөлүгүн эритет, аны андан ары микробдор бузат. Кариес тиштин эмалы кетилүү м-н башталат да, андан дентинге өтөт. Бара-бара процесс күчөп, кариес көңдөйү улам тереңдеп, тиш пульпасына жетип, оору пайда болот. Тиш эмалы жалтырабай, тунук болбой, бодурала болуп калат. Тиш таттуу, кычкыл, туздуу, ысык ж-а муздак тамак ичкенде ооруйт. Тиш кариеси көбүнчө өнөкөт оору. Катуу кармаганы жаш балада жолугуп, ички секрециясынын бузулушуна байланыштуу болот. Кариес болгон тишке өз убагында пломба коюу керек. Тиштин кариеске туруктуулугун жогорулатуу үчүн керектүү туздар (айрыкча Са, Р туздары), Д витамини жетиштүү болууга тийиш.