КАРАКОЛ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ (минералдуу суу булактары): нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page КАРАКОЛ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ to КАРАКОЛ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ (минералдуу суу булактары)) |
(Айырма жок)
| |
10:34, 25 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРАКОЛ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – Ош ж-а Нарын облустарынын чек арасындагы көмүр кычкыл газдуу минералдуу муздак суу булактары. Фергана тоо тизмегинин батыш ж-а чыгыш капталдарында. Булактардын жер астынан агып чыгып, газ бөлүп турушу жергиликтүү элге илгертеден белгилүү болсо да, геологиялык изилдөө 1951-жылы жүргүзүлгөн. Булактар тоонун эки капталында болгондуктан, алар Батыш Каракол ж-а Чыгыш Каракол деп аталат. Б а т ы ш К а р а к о л Ош шаарынан 150 км чыгыш тарапта, Кара- Кулжа өрөөнүнүн батыш жагындагы Каракол суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 3100 м бийикте. Мында юра мезгилиндеги алевролит м-н кумдук катмарлары антиклиналь бүктөлүүсүн түзүп жатат. Суу бүктөлүүнүн оң канатынан булак түрүндө жер бетине чыгат. Ч ы г ы ш К а р а к о л Ат-Башы кыштагынан 115 км түштүк-батыш тарапта, Арпа суусунун сол куймасы Караколдун боюнда, деңиз деңгээлинен 3250 м бийикте. Мында силур мезгилиндеги мраморлошкон акиташ тектери синклиналь бүктөлүүсүн түзөт. Суу бүктөлүүнүн борбордук бөлүгүндөгү тектоникалык жарака аркылуу, шагыл таштардын арасынан жер бетине булак түрүндө агып чыгат. Булактардын дебити 0,4–5 л/сек. Химиялык курамы ж-а физикалык касиеттери боюнча бул эки булак бири-биринен көп айырмаланбайт. Суусу муздак (5–9°), тузсуз, жытсыз, даамы кычкыл (pH 6,5) келип, курамы гидро-карбонат-кальций-магнийлүү. Жалпы минералдашы 0,91–1,16 мг/л. Суудан көмүр кычкыл газы бөлүнүп турат. Анын эриндисинин суудагы өлчөмү 560–916 мг/л (Батыш Каракол), 360–963 мг/л (Чыгыш Каракол). Минералданышы, химиялык ж-а газдык курамы боюнча Батыш Каракол Кавказдагы белгилүү «Боржомиге» (Екатаран булагы) жакын, Чыгыш Каракол нарзан сууларына кирет.
К. Кожобаев.