КАРАКОЛ (Кочкор суусунун башаты): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page КАРАКОЛ 5 to КАРАКОЛ (Кочкор суусунун башаты)) |
(Айырма жок)
| |
09:41, 25 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРАКОЛ , Ч ы г ы ш К а р а к о л – Кочкор суусунун башаты. Кочкор районунун аймагында. Узундугу 51 км, алабынын аянты 533 км2. Кыргыз Ала-Тоосунун түштүк капталынан башталып, кууш тепши сымал капчыгай ж-а өрөөн аркылуу агат. Ири куймалары: Корумду, Үч-Куулук, Ийри-Суу. Булардан башка 30дан ашык майда куймасы ж-а алабында чакан (аянты 0,01 км2) көл бар. Жылдык орточо чыгымы 4,76 м3/сек; эң көбү 63,6 м3/сек, эң азы 0,16 м3/сек. Апрелдин аягында кире баштап, сентябрда тартылат. Сугатка пайдаланылат. Сол жээгинен Дөң-Алыш, Кара-Мойнок кыштактары орун алган.