КАРАКОЛ (Талас дарыясынын оң куймасы): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page КАРАКОЛ 3 to КАРАКОЛ (Талас дарыясынын оң куймасы)) |
(Айырма жок)
| |
09:26, 25 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРАКОЛ – Талас дарыясынын оң куймасы. Талас районунун аймагы аркылуу агат. Узундугу 100 км, алабынын аянты 1160 км2. Кыргыз ж-а Талас Ала- Тоолорунун кошулган жеринен башталат. Ири куймалары: Жар-Таш, Кум-Бел, Талды-Булак, ошондой эле ондогон майда куймалары, алабында бир нече майда көл бар. Жылдык орточо чыгымы 7,64 м3/сек; эң көбү 33,9 м3/сек, эң азы 0,95 м3/сек. Апрелдин аягында кирип, сентябрда тартыла баштайт. Сугатка пайдаланылып, бир нече каналга бөлүнөт. Жээгинен Көпүрө- Базар, Арал, Чат-Базар кыштактары орун алган.