КАРА-САЗ (Кочкор районундагы кыштак): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Айырма жок)

09:49, 18 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КАРА-САЗ – Нарын облусунун Кочкор районундагы кыштак. Кош-Дөбө айыл округуна караштуу. Үкөк суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1995 м би­йикте жайгашкан. Райондун борбору Кочкор кыштагынан 16 км түштүк-чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 76 км. Кыштак 1930-жылы негиз­делген. Калкы 1396 (2007); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бак­ча, маданият үйү, ФАП, амбулатория бар. Улуу Ата Мек. согушта курман болгондорго эстелик тур­гузулган. Кыштактын эки тарабы тең саз бол­гондуктан, Кара-Саз аталып калган.