КАРА-ОЙ (Ак-Талаа районунда­гы кыштак): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Айырма жок)

09:15, 18 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КАРА-ОЙ – Нарын облусунун Ак-Талаа районунда­гы кыштак. Тоголок Молдо атындагы айыл окру­гуна караштуу. Нарын дарыясынын сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 1900 м бийикте жайгашкан. Ра­йондун борбору Баетов кыштагынан 57 км түндүк-чы­гыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 282 км. Кыштак 1929-жылы негизделген. Калкы 2793 (2007); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбала­рында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, мечит бар. Улуу Ата Мекендик согуш­та курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры С. Конгайтиев туулган.