КАРА-КӨЛ (Ноокат районундагы суу): нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page КАРА-КӨЛ 1 to КАРА-КӨЛ (Ноокат районундагы суу)) |
(Айырма жок)
| |
03:49, 18 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРА-КӨЛ – Ош облусунун Ноокат районундагы суу, Араван-Сайдын оң куймасы. Кичи Алай кырка тоосунун түндүк-батыш капталынан агып түшөт. Узундугу 41 км (Айыр-Ташты кошкондо), алабынын аянты 387 км2. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2900 м. Айыр-Таш суусу Алтын-Казык тоосунун түштүк, Алай кырка тоосунун түндүк-батыш капталынан башталган майда суулардан түзүлүп, адегенде капчыгай аркылуу агып, кууш өрөөнгө чыгат. Ортоңку бөлүгүндө Косчан деп аталып, Жер-Арык суусу м-н кошулат да, Кара-Көлдү түзөт. Жылдык орточо чыгымы 3,86 м3/сек. Эң көбү июнда, эң азы февралда байкалат. Ири куймалары: Шанкол (сол), Жаңы-Сай, Жар- Коргон (оң) ж. б. Суусу Араван-Сайга жетпей сугат тармактарына бөлүнүп кетет. Жээгинде Алике, Жаңы-Баш, Кара-Баш ж. б. кыштактар жайгашкан. Өрөөндө суунун сугатка жетишсиздиги байкалууда.