КЕҢ-КОЛ КӨРҮСТӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Айырма жок)

11:19, 13 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КЕҢ-КОЛ КӨРҮСТӨНҮ – II–V к-га таандык ар­хеол. эстелик. Талас өрөөнүндө Кеңкол суусу­нун сол өйүзүндөгү тектирде, Манас чокусунун түндүк-чыгыш жана чыгыш жагында жайгашкан. 100гө жакын таш дөбө жана топурак дөбө кор­гондордон турат. Соңку коло доорундагы

коргондор да бар. Таш-Дөбө коргондун диаметри 6– 15 м, бийиктиги 0,3–1,2 м. Ал эми топурак дөбөнүн диаметри 8–12 м, бийиктиги 0,5–1 м. Дөбөнүн ал­дында дромос (өткөөл) жана жарма мүрзө жай­гашкан. Өткөөл тик бурчтук формасында, узундугу 2–8 м, туурасы 0,7–1,2 м. бийиктиги 0,8–1,2 м; таш такталар менен жабылып коюлган. Дромос жарма мүрзөгө перпендикуляр жатат. Мүрзөлөр сүйрү келип, узундугу 2–3 м, туурасы 1–2 м, бийиктиги 0,8–1,2 м. Маркумдардын сөөгү чалкасынан жат­кырылып, башы түндүк-чыгышты карай караты­лып, алдына тактай төшөлүп, кээде арча та­быттарга коюлган. Көпчүлүгүнүн башы дефор­мацияланган. Алар бирден, экиден, кээде тобу менен көмүлгөн. Көрлөрдөгү буюм-тайымдар ба­йыркы убакта эле уурдалганына карабастан, анда карапа идиштер, жыгач чөйчөк, оймо-чий­меленип жасалган таманы жайпак жыгач идиш­тер (кумара, табак жана башкалар), айрым убакта согул­ган себет, буттары бар жыгач үстөл, көп санда­ган кооздук буюмдар (сөйкө, чолпу, шуру, биле­рик, шакек, күмүш күзгү, каш боёчу таякча жана башкалар), үй-тиричилик буюмдары (темир бычак, бүлөө, ийик жана башкалар), курал-жарак (жаа, учу те­мир жебе, канжар жана башкалар), жүндөн, жибектен жасалган кийимдердин калдыктары, такасы жок булгаары өтүк жана башкалар табылган. 1938–1939-жылдары А. Н. Бернштам изилдеген. Ал 12 дөбө-коргонду казган, анын 11и жарма мүрзө болгон. 1956–1957, 1960-жылдары Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Талас археологиялык отряды (жетекчиси: Ы. Кожомбердиев) дагы 26 жарма мүрзөнү казган. 2001–2002-жылдары археолог Б. Аманбаева казып, сөөк буюмдарды жана башкаларды тап­кан.

Ад.: Бернштам А. И. Кенкольский могильник. Л., 1940; Кенкольский могильник. Большая Российская энциклопедия. Т. 13. М., 2009.