КЕҢ-КОЛ КӨРҮСТӨНҮ
КЕҢ-КОЛ КӨРҮСТӨНҮ – II–V кылымдарга таандык археологиялык эстелик. Талас өрөөнүндө Кеңкол суусунун сол өйүзүндөгү тектирде, Манас чокусунун түндүк-чыгыш жана чыгыш жагында жайгашкан. 100гө жакын таш дөбө жана топурак дөбө коргондордон турат. Соңку коло доорундагы

коргондор да бар. Таш-Дөбө коргондун диаметри 6– 15 м, бийиктиги 0,3–1,2 м. Ал эми топурак дөбөнүн диаметри 8–12 м, бийиктиги 0,5–1 м. Дөбөнүн алдында дромос (өткөөл) жана жарма мүрзө жайгашкан. Өткөөл тик бурчтук формасында, узундугу 2–8 м, туурасы 0,7–1,2 м. бийиктиги 0,8–1,2 м; таш такталар менен жабылып коюлган. Дромос жарма мүрзөгө перпендикуляр жатат. Мүрзөлөр сүйрү келип, узундугу 2–3 м, туурасы 1–2 м, бийиктиги 0,8–1,2 м. Маркумдардын сөөгү чалкасынан жаткырылып, башы түндүк-чыгышты карай каратылып, алдына тактай төшөлүп, кээде арча табыттарга коюлган. Көпчүлүгүнүн башы деформацияланган. Алар бирден, экиден, кээде тобу менен көмүлгөн. Көрлөрдөгү буюм-тайымдар байыркы убакта эле уурдалганына карабастан, анда карапа идиштер, жыгач чөйчөк, оймо-чиймеленип жасалган таманы жайпак жыгач идиштер (кумара, табак жана башкалар), айрым убакта согулган себет, буттары бар жыгач үстөл, көп сандаган кооздук буюмдар (сөйкө, чолпу, шуру, билерик, шакек, күмүш күзгү, каш боёчу таякча жана башкалар), үй-тиричилик буюмдары (темир бычак, бүлөө, ийик жана башкалар), курал-жарак (жаа, учу темир жебе, канжар жана башкалар), жүндөн, жибектен жасалган кийимдердин калдыктары, такасы жок булгаары өтүк жана башкалар табылган. 1938–1939-жылдары А. Н. Бернштам изилдеген. Ал 12 дөбө-коргонду казган, анын 11и жарма мүрзө болгон. 1956–1957, 1960-жылдары Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Талас археологиялык отряды (жетекчиси: Ы. Кожомбердиев) дагы 26 жарма мүрзөнү казган. 2001–2002-жылдары археолог Б. Аманбаева казып, сөөк буюмдарды жана башкаларды тапкан.
Ад.: Бернштам А. И. Кенкольский могильник. Л., 1940; Кенкольский могильник. Большая Российская энциклопедия. Т. 13. М., 2009.