«КИТАБ ФУТУХ ал-БУЛДАН»: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

«КИТАБ ФУТУХ ал-БУЛДАН» («Жорук ките­би») – тарыхый чыгарма. Автору – Абу-л-Аб­бас Ахмед ал-Белазуриддин. Чыгарманын ар бир главасы хронол. тартипте жазылган. Эмгекте арабдардын Хоросан м-н Мавераннахрга жаса­ган жортуулдары, Араб халифатынын тарыхы, экономикасы ж-а мад-ты, аскер күчү, соода кат­нашы, салыктары тууралуу маалыматтар бар.
О. Азиядагы түргөштөрдүн арабдарга каршы күрөшү, араб кол башчысы Кутейбанын Шаш м-н Испиджабга жасаган жортуулдары ж-а о. кылымдагы Түркстан аймагы тууралуу баа­луу маалыматтар камтылган.


Ад.: Материалы по истории туркмен и Туркмении. Т. 1. М.; Л., 1939; Арабские источники VII–Х веков по этнографии и истории Африки южнее Сахары. М.; Л., 1960.